Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 15.11.2018 08:51 На русском

Кара-Балтада арак ичкен эненин 5 айлык баласы ооруканага жеткирилди

Turmush -  Жайыл РИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери «Камкордук» аталышындагы профилактикалык иш-чараларын өткөрүп жатышат. Бул тууралуу 14-ноябрда Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүү учурунда Кара-Балта шаарында адеп-ахлаксыз жашоо өткөрүп, спирт ичимдиктерин үзгүлтүксүз колдонгон жана эч бир жерде иштебеген эне аныкталган.

«Анын 5 айлык баласы бар экен. Ал бала тарбиялоодо өзүнүн энелик милдеттерин аткарган эмес. Ошондой эле ижарага алган батирде жашап жаткандыгы да аныкталды», - деп айтылат маалыматта.

Тиешелүү кызматкерлер аталган энеден баланы алып, Жайыл райондук аймактык ооруканага жеткиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×