Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 12.11.2018 13:13

Кадамжайга өзбекстандык ишкерлер келип, мөмө-жемиштерди экспорттоо маселесин сүйлөшүп жатышат (фото)

Turmush -  Бүгүн, 12-ноябрда Кадамжай районунда жергиликтүү өндүрүш продукцияларын экспорттоо боюнча Өзбекстандан келген ишкерлер менен сүйлөшүү жүрүүдө. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, жолугушууга Өзбекстандын Фергана облусунан ишкерлер келди. Анда Баткен облусунун аймагында өндүрүлгөн мөмө-жемиштерди жана башка өндүрүштөрдү Өзбекстанга экспорттоо маселеси талкууланууда. Жолугушууга Баткен облусунан 30 ишкер, Фергана облусунан аймактык соода-сатык палатасынын башчысы Отабек Атабаевдин жетекчилиги астында 23 ишкананын адистери келген. Алар Ферганада мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү, консервалоочу, курулуш материалдарын чыгаруучу ишканалардын өкүлдөрү болуп эсептелет.

Өзбек ишкерлери үчүн Баткен облусунун аймагынан чыккан кен байлыктар жана айыл чарба продукцияларынын көргөзмөсү уюштурулду. Сүйлөшүүгө Баткен облусунун жетекчилиги да катышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×