Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Чүй облусу, Токмок 31.10.2018 16:23 На русском

Токмокто эрежесиз эр мушташ боюнча спорттун чебери М.Усманов уулдуу болду

Turmush -  Чүй облусуна караштуу Токмок шаарынын 25 жаштагы тургуну, эркин күрөш боюнча спорттун чеберине талапкер жана эрежесиз эр мушташ боюнча спорттун чебери Мирлан Усманов бүгүн, 31-октябрь күнү уулду болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга анын достору билдирди.

«Бизге кудайым дагы бир чемпионду берди деп ишенебиз. Ушул аяш уулубуздун өмүрү узун, келечеги кеӊ болсун. Биз төрөтканага өзгөчө даярдык менен келдик. Аяш уулубуз 3 кг 700 гр салмак менен төрөлдү. Аяшыбыз Бактыгүл менен Мирландын баш кошконуна бир жыл болду. Көпчүлүккө үлгүлүү, адептүү жана маданияттуу үй-бүлө деп билебиз», - деди достору.

Ал эми Мирлан уулуна Алихан деген ысымды ыйгарарын билдирди.

Мирлан Усманов 2 жылдын бери жаш спортчуларга эрежесиз эр мушташтын ыкмаларын үйрөтүп, спорт менен машыктырып келет.

«2009-жылы Токмок шаарындагы №9 орто мектепте 9-класска чейин окуп, Токмок индустриалдык-педагогикалык колледжинен билим алып чыктым. Учурда Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында билим алып жатам. Чынын айтсам, спортко бутум басып калганда эле аралаштым. Сыналгыдан эрежесиз эр мушташтарды көрүп, аябай кызыгып, үйдөн туурап согуша берчүмүн.

Эркин күрөш боюнча спорттун чеберине талапкер болсом, эрежесиз эр мушташ боюнча спорттун чеберимин. Эки жылдан бери окуучуларды да машыктырып келем. Эки жылдын аралыгында төрт окуучум эрежесиз эр мушташ боюнча спорттун чеберине талапкер болушту. Мен балдарды жөн эле санын көбөйтүп ала бербей, талантына карап алып машыктырам. Машыгуу залыбыз жакшы. Антсе да дагы көптөгөн иштерди жасашыбыз керек», - деди ал.

Мирлан Усманов: «Албетте, эрежесиз эр мушташ спорттун эӊ оор түрү. Мындан жаракат алгандар да жок эмес. Ошол себептен бул спорт жалаӊ эр жүрөктүүлөр үчүн. Жүрөгүндө жалыны бар, чыныгы баатырлардын спорту десем болот. Мен бир топ беттештерге чыгып, көбүнчө каршылашымды беттештин убактысынан эрте сулата чаап, мелдешти бүтүрчүмүн.

Алдыга койгон максаттарыма жеттим десем болот. Бирок алдыда дагы чоӊ-чоӊ максаттарым бар. Кыргызстанды бүт дүйнө жүзүнө тааныткым келет.

Спорт мага ден соолук, жакшы тарбия берди. Чыныгы мусулман өзүнө каалаган жакшылыкты башкаларга да каалайт дейт. Мен да билгенимди окуучуларыма үйрөтүп келем. Эмгектин үзүрүн акырындан көрүп жатам. Андыктан дагы талыкпай эмгектенсек, тоодой бийиктикке жетебиз. Спорт — бул менин жашоом, бүт өмүрүм», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×