Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Нарын облусу, Нарын 19.10.2018 09:11 На русском

Сүрөт — Нарында «Погончон айым» сынагы өттү

Turmush -  Нарын шаарында кечээ, 18-октябрда күч структуралары арасында «Погончон айым» сынагы болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган сынак Нарын облустук академиялык М.Рыскулов атындагы музыкалык драма театрында уюштурулган. Аталган продюсердик борбордун директору Нуржан Аликова билдиргендей, «Кыргызстан ыйык мекеним» долбоору аркылуу күч структуралары жана адилет башкармалыгы тарабынан аялдар арасында «Погончон айым», эркектер арасында «Мекениме кызмат кылам» сынактары жарыяланган эле.

Сынакта Нарын ОИИБден 2 айым, ӨКМдин облустагы башкармалыгынан жана чек ара кызматынан бирден талапкер өздөрүнүн күчүн сынашты. Сынактын шартына ылайык ага 18 жаштан 35 жашка чейинки айым кызматкерлер катыша алгандыктан катышуучулардын саны аз болгон.

Сынакта баш байгени жеңген айым 2019-жылдын 7-мартында өтө турчу республикалык «Погончон айым» сынагына катышууга жолдомо алды.

Ошондой эле күч структураларындагы эркек кызматкерлер үчүн өткөрүлгөн «Мекениме кызмат кылам» аттуу мелдештин жыйынтыгы чыгып, Нарын ОИИБдин кызматкерлери жеңүүчү аталышты. Сынакка активдүү катышкан кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×