Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
17.10.2018 21:10

Быйыл Ош облусу чет өлкөлөргө 500 тоннадай тамеки экспорттоду

Turmush -  Быйыл Ош облусунун аймагында 505 гектар жерге тамеки айдалды. Ал эми жыл башынан бери 500 тоннадай тазаланган тамеки экспорттолду. Бул тууралуу өкмөттүн Оштогу ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн региондорду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Райимберди Мөнөкбаев билдирди.

Анын айтымында, быйыл былтыркы жылга салыштырмалуу тамеки 81 гектарга көп эгилген.

«Бул жылы 1 миң 389 тонна тамеки жыйналды. Анын ичинен Орусияга 94 тонна, Болгарияга 363 тонна, Венгрияга 35 тонна, Грецияга 192 тонна тамеки экспорттолду. Калган тамекилерди да жакынкы арада экспортко чыгарабыз. Буга чейин тамекилерди Орусияга, Венгрияга, Грецияга экспортко чыгарсак, быйыл Болгария мамлекети кошулду», - деди Р.Мөнөкбаев.

Ноокат районунда 397 гектарга, Араванда 105 гектарга, Өзгөндө 3 гектар жерге тамеки эгилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×