Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
12.10.2018 08:40 На русском

32 жаштагы айдоочу аял окуучу кызды сүзүп кетти. Жабырлануучунун абалы жакшы (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 11-октябрда саат 12:30 чамаларында Жайыл районунун Кара-Балта шаарында жол кырсык катталды.

Күбөлөрдүн айтымында, 32 жаштагы айдоочу аял унаасы менен окуучу кызды сүзүп кеткен. 5-класстын окуучусу Почта көчөсү менен мектепке бара жаткан. Башкаруусун жоготкон унаа кызды, андан кийин бакты сүзүп токтогон.

«Окуучу кыз жолдон өткөн унаалар менен ооруканага жеткирилди. Андан кийин келген тез жардам кызматы шок абалдагы айдоочу аялды алып кетишти», - деп билдиришти күбөлөр.

Ал эми жабырлануучунун атасынын айтымында, кыз учурда ооруканадан үйгө чыгарылган.

«Мен жумушта болчумун. Мага телефон чалып, жол кырсыгын айтышканда эле дароо ооруканага бардым. Күбөлөрдүн айтымында, унаа сүзгөндө кызым ыргып кетиптир. Аял киши башкарган унаа андан ары барып бакты сүзгөн экен. Ал эч кандай спирт ичимдигин ичпегендигин айтышты. Болгону рулга ээ боло албай калган окшойт.

Кызымды дарыгерлер көрүштү. Ичим деп жаткан. Ичин текшеришти, жакшы эле экен. Бирок башында жана тизесинде бир аз жараты бар. Азыр үйгө алып келдик», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×