Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Дүйнө 08.10.2018 16:46 Жаңыланды: 08.10.2018 19:58 На русском

Биз жолдордун баарын жаап салганда Кыргызстанда эмне болду? Алар күрөшүштү, - Нурсултан Назарбаев

Turmush -  Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 5-октябрда жергиликтүү тургундарга арналган жыйындын алкагында өлкөнүн экспорттук деңгээли тууралуу сөз кылды.

«Экспортко багытталган индустриализация экономикалык саясаттын борбордук элементи болушу керек. Өкмөт кайра иштетүү секторуна караганда экспорттоочуларды колдоого багытталышы зарыл. Биздин соода саясатыбыз тиши жок болуп турганын токтотушу керек. Ал үчүн соода саясатыбызга биздин товарларды дүйнөлүк базарга чыгарууга багытталган активдүү мүнөздү берүү керек. Ошол эле учурда, эл талап кылган товарлардын номенклатурасын чыгарган компанияларга жардам берүү абзел», - деди ал.

«Айлананы карагылачы, эмне болуп жатат. Сиздер билесиздер, Белоруссия өзүнүн товар өндүрүүчүлөрүн кантип коргоп жатканын. Биз жолдордун баарын жаап салганда Кыргызстанда эмне болду? Алар күрөшүштү. Биздикилер унчугушпай, эч ким менен тартышпайт. Жогору жактагы жетекчилер гана кимдир бирөө менен тартыша алат деп көнүп калгансыңар. Ар бир адам өзүнүн милдеттерин аткарып, биздин бизнести жана анын айланабыздагы рынокторго, үчүнчү өлкөлөргө өтүшүн коргошу керек. Бул экспорттук потенциалды ишке ашырууда гана эмес, ички рынокту ата мекендик товарларга толтурууда да маанилүү», - деп белгиледи Н.Назарбаев.

Анын айтымында, элдик колдонуудагы товарлар менен алек болууга убакыт келди.

«Биз унутуп калып, өткөрүп жибердик. Эгерде бул жерде отургандардын чет өлкөлөрдөн алган кийимдерин чечсе, жылаңач каласыңар. Бизде костюмдарды да, көйнөктөрдү да өндүрсө болот. Аларды колдоо керек, бүгүнкү күндө өзүбүздүн товарларды колдоо зарыл. Мен сиздерге көрсөткөм, биздин товар өндүрүүчүлөрдүн костюмдарын кийгем жана кийип жатам. Алар жаман эмес жана он эсе арзан. Казакстандыктар байып, бааны карабай калышты», - деди президент.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×