Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Чүй облусу, Кант 08.10.2018 15:59 На русском

7 улуттун өкүлү катышкан сынак: 16 жаштагы Айсулуу Канттагы эң сулуу кыз аталды (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарында «Кант сулуусу – 2018» сынагы өткөрүлдү. Сынакта 16 жаштагы Айсулуу Бейшекеева баш байгени жеңип алганын аймактык кабарчы билдирди.

Уюштуруучулардын бири Эдил Маратовдун айтымында, жалпысынан сынакка 9 кыз катышып, анын үчөө алдыңкы орундарды багындырды.

«Иш-чаранын алкагында катышуучулар флешмоб бийлешти. Кыздар сынакта үч жолу ар башка кийим кийишти. Биринчисинде кара түстөгү кийим, экинчисинде улуттук кийим жана үчүнчүсүндө кече көйнөк менен чыгышты. Үй тапшырманын негизинде катышуучулар ырдап, бийлеп, көркөм ыр окуп, бышырган тамак-аштарын тартуулап, өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Сынакка катышкан 9 кыздын ичинен алтоо ар башка улуттун өкүлдөрү. Бул сынакты эч кандай демөөрчү же башка колдоочуларсыз эле жаштардын коомдук кыймылы өткөрдү», - деди ал.

Айсулуу учурда Кант шаардык №1 гимназия-мектебинде билим алып жатат.

Сынактын жыйынтыгында «Вице сулуу» наамын жеке мектептердин биринде окуган 14 жаштагы Карина Баялиева алса, «Сыйкырдуу сулуу» наамын Кант шаардык №1 гимназия-мектебинин окуучусу — 16 жаштагы Латифа Авизова багындырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×