Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
14.09.2018 12:39 На русском

Көчмөндөр оюндарында коопсуздукту камсыздоодо террорчу кармалды, - УКМК

Turmush -  УКМКнын кызматкерлери тарабынан террордук жардыруу уюштурууга байланышы бар деген шек менен Кыргызстандын жараны — 1994-жылы туулган Х.И. кармалды. Ал III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында коомдук коопсуздукту камсыздоо иштеринин жүрүшүндө кармалган.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, эл аралык террордук уюмдун мүчөсү көп убакыт КМШ өлкөлөрүнүн биринде жүргөн. Ал жакта Сириянын куралдуу жаңжал жүрүп жаткан аймактарына барууга үндөө жана азгыруу иштерин жүргүзчү.

Учурда тиешелүү берене менен кылмыш иш козголуп, шектүү убактылуу камакка алынды. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×