Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
12.09.2018 01:15 На русском

Кыргызстандын карызы бир айда 4 млн долларга өстү

Turmush -  2018-жылдын 31-июлуна карата Кыргызстандын карызынын көлөмү 4 млрд 415,26 млн (300 млрд 502,46 млн сом) долларга жетти, деп маалымдайт Финансы министрлиги.

Анын ичинен:

- 3 млрд 808,03 млн доллар (259 млрд 174,27 млн сом) же 86,2% мамлекеттин тышкы карызы;

- 607,23 млн доллар (41 млрд 328,19 млн сом) же 13,8 пайызы мамлекеттин ички карызы.

Ал эми 2018-жылдын 30-июнуна карата мамлекеттин карызы 4 млрд 411 млн доллар же 300 млрд 744 млн сомго жеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×