Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Баракелде, Бишкек 06.09.2018 10:52 На русском

Улан Саляновдун өлүмү: Сот отуруму жылдырылды (сот залынан сүрөттөр)

Turmush -  Бүгүн, 6-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Улан Саляновдун өлүмүнө байланышкан ишти кароону жылдырды. Улан Салянов — мурунку башкы прокурор Аида Салянованын бир тууганы.

Бүгүнкү процесс башталганга чейин сот залына кирген конвоир жактоочу менен А.Саляновага айыпталуучу О.Эрмек сот залына алынып келбегенин билдирди. Анын айтымында, шектүүнү СИЗО-1 мекемесинен алып кетүү боюнча тапшырма берилген, бирок ал УКМКнын абагында камакта.

Кийинчерээк соттун катчысы шектүү белгисиз себептер менен сот залына алынып келбегенин билдирди.

Ал эми процесске келгендер Оштон Бишкекке каттап жатышканын жана шектүү сот залына алынып келбегенин айтып нааразы болушту.

Улан Салянов 2017-жылы 6-ноябрга караган түнү өз үйүндө белгисиз адамдардын огунан 42 жашында көз жумган. Ал Көк-Жар жаңы конушунда толук курулуп бүтө элек, дарбазасы жок үйдө жубайы жана 2 уулу менен жашачу.

«Таңкы саат 4:00 чамасында белгисиз 4 адам үйүнө кирип барып, У.Саляновдун баласына тапанча такашкан. Ал баласын коё берүүнү сурана баштап, ортодо кармашуу болгон. Анын кесепетинен ок атылып, белгисиз адамдар качып кеткен», - деп билдирген жактоочу Улан Жумаков.
У.Салянов унааларды алып сатуу жана оңдоо иштери менен алектенчү.

ИИМдин басма сөз кызматы 27-декабрда түнкүсүн милиция кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын 1986-жылы туулган тургуну Э.О. бул ишке шектүү катары кармалганын маалымдаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×