Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Баракелде, Бишкек 01.09.2018 18:54

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Бишкекке келди (сүрөт)

Turmush -  

Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган бүгүн, 1-сентябрда эки күндүк расмий визит менен Кыргызстанга келди.
«Манас» эл аралык аба майданында Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен расмий жолугушуу аземи болду, деп билдирди Президенттик аппарат. Анда флагштокто Кыргызстан жана Түркиянын мамлекеттик желектери көтөрүлүп, ардактуу кароол тизилип, эки өлкөнүн гимндери жаңырды.
Визиттин алкагында бүгүн, 1-сентябрда президенттердин сүйлөшүүлөрү, Кыргызстан жана Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку Кеңештин отуруму болот. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлушу мерчемделүүдө жана өлкө башчылары журналисттер үчүн билдирүү жасашат.
Расмий визиттин экинчи күнү — 2-сентябрда эки өлкөнүн президенттери, Кыргызстандын жана Түркиянын ишкерлери катышкан бизнес форум менен уланат. Ошондой эле президенттер Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин медицина факультетинин жаңы имаратынын пайдубалына капсула салышып, Бишкектеги жаңы борбордук мечиттин ачылышына катышат.
Режеп Тайип Эрдоган премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана спикер Дастан Жумабеков менен да жолугушат. Визитинин алкагында 2-сентябрда Түркия президенти III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине, 3-сентябрда Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин VI жыйынына катышат.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×