Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 12.08.2018 13:46 На русском

Бостериде 25 жаштагы кыз көлгө чөгүп кетти

Turmush -  Ысык-Көл районунун Бостери айылында 25 жаштагы кыз сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасына булактар аркылуу маалым болду.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, каза болгон кыз 10-августта саат 22:30 чамасында пансионаттардын бириндеги пляжда эс алып жаткан. Ал көлгө түшүп жатканда чөгүп кеткен. Азырынча окуя кандай болгону белгисиз.

Маркум Бишкек шаарынын 1993-жылы туулган тургуну Ж.Ш. экени такталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×