Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Нарын облусу 11.08.2018 12:31 На русском

Сүрөт — Бишкек—Нарын—Торугарт жолунда автокран менен жеңил унаа кагышып, эки адам мерт кетти

Turmush -  Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолундагы жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен 2 адам көз жумду.

Маалым болгондой, кечээ, 10-августта эртең мененки саат 08:05 чамасында Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 300-чакырымында «Мерседес-Бенц Гелендваген G500» үлгүсүндөгү автоунаа менен «КамАЗ» үлгүсүндөгү автокран кагышкан. Натыйжада жеңил унаадагы айдоочу менен жүргүнчү окуя болгон жерден каза тапкан.

Каза болгондордун тизмеси:
- 1993-жылы туулган И.у.Ырыскелди (жүргүнчү);
- 1982-жылы туулган М.Адилет (айдоочу).

Ал эми жүк ташуучу унаанын айдоочусу Б.Кеңешбек ооруканада дарыланууда.

Учурда бул окуя боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×