Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 11.08.2018 11:35 На русском

Төрт жыл мурун зордуктоого шектелген жигит жабырлануучунун апасына кокустан жолуккан жеринен кармалган

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунда 14 жаштагы өспүрүм кызды зордуктоого шектелип, 4 жылдан бери изделип жаткан жигит кармалды. Ал жабырлануучунун апасына кокустан жолуккан жеринен кармалган. Бул тууралуу жабырлануучунун апасы Гүлзада Токтогазиева аймактык кабарчыга билдирди.

Өзүнүн айтымында, шектүү Сокулуктагы мончого түшүүгө келген.

«Учурда Сокулук районундагы мончолордун биринде иштеп жатам. 6-августта түнкү саат 23:00 чамасында ойдо жок жерден мончого акыркы кардар болуп, эки бала менен мындан 4 жыл мурун өспүрүм кызымды жеңесинин катышуусунда зордуктаган Ж.М. келип калды. Мен аларга дагара берип жатып жүзүнөн таанып калдым. Ошол замат Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө телефон аркылуу кабарладым. Бирок алар кечигип жатышты. Мындан улам өзүбүздүн жактоочубузга телефон чалдым. Ал тааныш милиция кызматкерлерин чакырды.
Ошондой эле өзүмдүн кызым менен балам РИИБге барып, милиция кызматкерлери менен бирге келишти. Ошентип, саат 24:00 чамасында шектүү убактылуу жайга киргизилди. Ал күнөөсүн мойнуна алып, менден кечирим сурады. Эртеси Токтогул РИИБге кабарланып, ал жактан кызматкерлер келип алып кетишти. Ал милиция кызматкерлеринен "Кое берип жибербегиле" деп өтүндүм. Алар "10-15 күндөн кийин соту болот, барыңыз" деп кетишти», - деди жабырлануучунун апасы.

Ал эми 3-авгутта Жалал-Абад облустук сотто Т.Азаматтын иши каралып, буга чейин чыгарылган Токтогул райондук сотунун чечими өз күчүндө калтырылып, аталган жигит 20 жылга эркинен ажыратылды.

Буга чейин маалым болгондой, Токтогул районунда 2 жыл мурун 14 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча сот процесси аяктаган. Жабырлануучунун апасынын айтымында, өспүрүм кызын зордуктоого шектелип кармалган Т.Азаматтын иши боюнча сот процесси аяктап, райондук сот тарабынан чыккан өкүм 30-январда угузулган болчу.

«Отурум 30-январда саат 11:00дөн 15:00гө чейин өттү. Райондук сот адилеттүү чечим чыгарып, айыпталуучу Т.Азаматты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси менен 20 жылга эркинен ажыратты. Ал эми зордуктоого шектүү делген экинчи жаран — 1974-жылы төрөлгөн Максат издөөгө алынды. Ал азыр эркиндикте жүрөт, анын иши карала элек. Эми анын ишин каралат деп ишенем», - деди ал.

2014-жылы июнь айында Токтогул районунун Бел-Алды айыл өкмөтүнүн Сары-Сөгөт айылынын 14 жаштагы жашоочусу Самараны зордуктоого шектүү делип эки жаран кармалган. Өспүрүм кызды зордуктоону уюштурганы үчүн анын мурунку жеңеси К.М. 20 жылга эркинен ажыратылган болчу.

Окуя тууралуу

2016-жылдын 17-мартында Токтогул районунун Бел-Алды айылынын тургуну Гүлзада Токтогазиева үй-бүлө мүчөлөрү менен өспүрүм кызын зордуктаган адамдарга карата акыйкаттуу чечим чыгарып берүүнү өтүнүп, Кара-Көл шаардык сотунун имаратынын алдына чогулган.

57

Г.Токтогазиеванын айтымында, мектепте окуган кызы Самараны Кымбат аттуу аял (мурунку жеңеси) тааныштарына күч колдонуу менен зордуктоого шарт түзгөн.

Гүлзада Токтогазиева

56

«2014-жылы 16-июлда 7-класста окуган кызымды Токтогул районундагы базарга жөнөткөм. Өзүбүз Бел-Алды айылында турабыз. Ал базарга барып, керектүү нерселерди алгандан кийин, атасынын бир тууган инисинин мурунку аялы Кымбатка жолугуп калат. Кызым мага телефон чалып, Кымбат жеңеси менен жолугуп, чогуу самса жегендерин айткан. Саат 13:00дөр чамасында кызым үйгө карай таксиге отуруп жөнөгөн. Кымбат жеңеси аны кайсы таксиге отурганын көрүп, өзүнүн Торкен деген айылына барып, кызыма телефон чалып, «үйгө кел, сени коноктойм, кайра таксиге салып жиберем» деп орто жолдон алып калат. Ал агасынын үйү экендигин айтып, кызымды Т.Азамат деген башка адамдын үйүнө алып барат. Ал үйдөн чогуу чай ичип отурганда, спирт ичимдиктерин көтөрүп эки киши келген. Кызым кете берейин дегенине карабай, аны коркутуп, сыра аралашкан аракты ичиришип, мас кылышат. Андан соң көлгө түшүү үчүн Көдүл аймагына такси менен келишип, ал жерден кызымды сууга салышып, кайра кыйнап арак беришет. Кызым каршылык көрсөтүп, «үйгө кетем» десе, жеңеси жаакка чаап, «сенден өчүмдү алам» деп, Т.Азаматты чакырып, кармап берип зордуктаттырган. Кызым качып жөнөгөндө Ж.Максат деген бала артынан кубалап, кызым жерге жыгылып, кулагына чөп кирип кеткен. Ошентип кечки саат 6 чамасында кызымды ооруканага алып барып, кулагынан чөптү алдырат. Кызымды кайра Торкендеги ээси жок үйгө алып келип, таң атканча ошол үйдө кармашат», - деп айтып берген Г.Токтогазиева.

58

Ал белгилегендей, бул ишти Токтогул райондук соту карап, акыйкат чечим чыгарып берген эмес. Кийин иш Жалал-Абад облустук сотуна өткөрүлүп, алар ишти Кара-Көл шаардык сотуна жөнөтүшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×