Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Баткен облусу, Баткен 11.08.2018 10:53 На русском

Мүлк талашуу: 12 жаштагы Арзыбек атасы каза болгондон кийин үйсүз калганын айтууда (сүрөт)

Turmush -  Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын 12 жаштагы тургуну Арзыбек Эшназаров апасы экөөнү аталаш бир туугандары үйүнөн кууп жатышканын айтып чыкты.

Арзыбектин айтымында, аталган үй маркум атасынан калган. Бирок атасы каза болгондон кийин аталаш бир туугандары үйдү талашып баштаган.

«Биз апам экөөбүз каякка барабыз? Жакшы окуп, апамды баксам дейм. Учурда эптеп жашап жатабыз», - деди ал.

Turmush басылмасынын кабарчысы тактаган маалымат боюнча, Арзыбектин атасы — 1951-жылы туулган Газыбек Эшназаров биринчи аялы менен пикир келишпестиктерден улам ажырашып кеткен. Ал экөөнүн ортосунда 5 бала болгон. Г.Эшназаров 1999-жылы Баткен шаарында жайгашкан үйдү балдарына таштап, өзү үйдөн чыгып кеткен. Андан кийин Кызыл-Бел айылынан жер алып, 2000-жылы Умсунай Мазеитовага үйлөнгөн. Экөө Арзыбек аттуу балалуу болушкан. 2016-жылы Г.Эшназаров оорудан улам каза болгон. Бирок ал көзү тирүүсүндө үйдү уулу Арзыбекке нотариус аркылуу өткөрүп берген. Бирок үйдү биринчи аялынын балдары талашып, райондук сотко кайрылышкан.

2018-жылдын 18-июлунда Баткен райондук сотунун судьясы Р.О. маркумдун биринчи аялынын пайдасына чечим чыгарган.

IMG-20180810-WA0114Ал эми маркумдун карындашы Тажикан Орозалиева: «Агам көзү тирүүсүндө "балама үйдү өткөрүп бердим, буларга каралашып тур" деп айтып кеткен. Тиешелүү жетекчилерден бала-эненин укугун коргоп, туура чечим чыгарып берүүлөрүн суранам», - деди.

Баткен райондук соту Баткен нотариалдык округунун жеке нотариусу Нурланбек Асланов тарабынан 2013-жылдын 26-октябрында үйдү 12 жаштагы Арзыбекке өткөрүп берүү боюнча түзүлгөн келишимди жараксыз деп тапкан. Г.Эшназаров юридикалык аялынын (биринчи аялы менен мыйзамдуу түрдө ажырашкан эмес) макулдугун албай туруп, келишим түзгөн.

Ошондой эле сот Мазаитова Умсунай Ноорузбаевнадан доогердин пайдасына 20 миң сом өндүрүү токтомун чыгарган.

IMG-20180810-WA0115

Ал эми жеке нотариус Нурлан Асланов: «Газыбек Эшназаров үйдү уулуна белек катары берген. Бизде мыйзамдын негизинде үйдү белекке берип жатканда тууганчылыгын туулгандыгы тууралуу күбөлүк боюнча аныктайбыз. Мен Арзыбектин туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн караганда атасы Газыбек Эшназаров, апасы Умсунай Мазеитова экени жазылган. Ошондуктан үйдү Арзыбекке каттап бергем», - деди.

Эми бул иш боюнча Баткен облустук сотуна кайрылышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×