Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Баткен облусу, Баткен 25.07.2018 18:07

Баткен облусунда 2018-жылдын 6 айында бир катар алгылыктуу жыйынтыктар жаралды

Turmush -  Баткен облусунда 2018-жылдын 6 айында бир катар алгылыктуу жыйынтыктар жаралды. Бул тууралуу облус жетекчилиги маалымдады.

Маалыматка караганда, жеке ишкер Жаныбек Кааразаков тарабынан ишке киргизилген мөмө-жемиш кургатуучу кичи цехтин жалпы сметалык баасы 1 млн 170 миң сомду түздү. Ага БУУнун Азык-түлүк программасынын колдоосу менен 1 млн сомдук жабдуулар орнотулган. Учурда ишканада 10го жакын адам эмгектенүүдө. Мында күнүнө 500 кг чейин мөмө-жемишти кургатууга болот.

Абдикундуз Исаков Жаңгакты дарыясынан бийиктиги 25 метр жерге суу чыгаруу ыкмасын эч кандай электр энергиянын жардамысыз ишке ашырган. Натыйжада 3 гектар какыраган талааны өздөштүрүп бакка айланткан. Ойлоп табуучу ар кайсы унаанын тетиктеринен, колдо жасаган жабдыгынын жардамы менен суу эле эмес, электр энергиясын да өндүрүп чыгарарын, бул талааны эс алуучу жайга айлантуунун үстүндө иштеп жатканын айтты. Ал мал чарбачылыгы менен да алектенип, 400дөн ашуун баш мал кармайт.

Облус жетекчиси Абиш Халмурзаев «Лейлек балыгы» балыкчылык чарбасынын ишмердүүлүгү менен да таанышты. Жеке ишкер Икрам Бөрүбеков учурда чарбасында балыктын 3 түрүн өстүрүүдө. Учурда балыктарынын саны 6 миңге жетет. Алдыда чарбаны дагы кеңейтүүнү пландоодо.

Лейлек районунун Белес суусунда жеке ишкер Асан Халбеков тарабынан чакан ГЭС курулуп жатат. Бул долбоордун жалпы сметалык баасы 65 млн сом. Ири курулуш бүтүп, ишке киргизилсе жылына 5 млн кВт электр энергиясын иштеп чыгууга болот. Учурда 30 млн сомдук турбина-генератор Кытай мамлекетинен сатып алынып келген. Аталган долбоордун ишке берилиши 2019-жылга пландаштырылган.

Ишкердин айтымында, ГЭС ишке берилсе жергиликтүү бюджетке ай сайын 1 млн сомго чейин салык түшөт жана аймактын электр энергиясы менен камсыз болуу мүмкүнчүлүгү кеңеет.

6 айда 3 миңден ашуун жаңы жумуш орун түзүлдү:

2018-жылдын 6 ай ичинде 3034 жумушчу орун түзүлдү. Түзүлгөн жумушчу орундарын тармактар боюнча алып караганда, айыл чарбасында 440 жумушчу орун, ишканалардын өздүк каражаттарынын эсебинен 282 жумушчу орун, кичи жана орто бизнести өнүктүрүүдө 623 жумушчу орун, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 48 жумушчу орун, республикалык бюджеттин эсебинен 1181 орун жана жеке ишкердүүлүктөн 383 жумушчу орун түзүлдү.

«Түштүк-Кыргыз-Цемент» заводунун өндүрүмү облустун өнөр жай продукциясынын 55,8% түздү:

Өнөр жай продукцияларын өндүрүүнүн экономикалык божомолу отчёттук мезгилде 118,8% аткарылды. Облустун өнөр жай продукцияларын өндүрүүнүн көлөмү негизинен Кызыл-Кыя шаарындагы «Түштүк-Кыргыз-Цемент» ЖАКтын эсебинен аткарылды. Ишкана январь-июнь айларында 1450,2 млн сомдук цемент өндүрүп (149,4 миң тонна), Кызыл-Кыя шаарында өнөр жай продукцияларын өндүрүүнүн физикалык көлөмү 1,6 эсеге, облус боюнча физикалык көлөмү 1,4 эсеге аткарылды. Ишкана өндүргөн өнөр жай продукцияларынын көлөмү облус боюнча өндүрүлгөн продукциянын 55,8% түздү.

Текстиль тармагында Кызыл-Кыя шаарындагы «Динамо» тигүү фабрикасы 5,4 млн сом өлчөмдө продукция өндүрдү. Химия өндүрүшүндө жалгыз ишкана болгон «Айдаркен» сымап ишканасы 28,8 млн сомдук продукция өндүрүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу сымап өндүрүүнүн көлөмү өсүп, физикалык көлөмү 14 эсеге өсүүнү камсыз кылды.

Жеке ишкерлер тарабынан 43 ишкана ачылды:

Өкмөттүн аймактардын экономикалык өндүрүштүк потенциалын чыңдоодо киреше алып келүүчү жаңы ишканаларды ачуу, жаңы жумуш орундарын түзүү пландары жөнүндөгү тапшырмасын аткаруу максатында отчёттук мезгилде облустун аймагында жеке ишкерлердин каражатынын эсебинен 43 ишкана ачылып, 383 жаңы жумуш орундары түзүлдү.

Токтоп калган жана өндүрүштүн көлөмүн төмөндөтүп жиберген ишканаларды ишке киргизүү аракеттери:

«Кадамжай» сурьма комбинатын ишке киргизүү максатында Кытайдын Лишуй шаарындагы «Чжунген тоо-кен өнүктүрүү» компаниясы «Кадамжай» сурьма комбинатынын базасында кичи завод куруу жана руданы кайра иштетүү боюнча 2,5 млн доллар инвестиция киргизүүгө эки тараптуу келишим түзүлдү. Анын негизинде керектүү тетиктер алынып келип, 2018-жылдын 1-кварталында ишке киргизилди. Андан сырткары кыргызстандык «Анон Сары-Таш» ишканасы өзүнүн инвестициясын киргизүү менен же Ош облусунун Алай зонасында сурьма концентратын алып келүү менен «Кадамжай» сурьма комбинатынын базасында өндүрүштү улантмакчы.

Ошондой эле «Айдаркен» сымап комбинатын ишке киргизүү боюнча Кыргызстандагы «Север сталь» ишканасы аркылуу 7 млн долларлык инвестиция киргизүү боюнча 2 тараптуу келишимге кол коюлуп, 1 млн долларлык жумуш аткарылды.

Жол куруу боюнча Баткен облусунун аймагында чет өлкөлүк ири 2 долбоор аткарылууда:

Кыргыз-тажик чек арасындагы унаа жолдордун катмарларын жакшыртуу долбоорунун негизинде Исфана–Кайрагач (узундугу 36 км) жолу курулууда. Ошондой эле Кадамжай району жана Кызыл-Кыя шаарынын аймагынан өтүүчү Ош–Баткен–Исфана унаа жолунун 75-108-чакырымдарын реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Долбоордун жалпы сметалык баасы 23,76 млн долларды түзөт. Жолду куруп бүтүрүү мөөнөтү 2019-жылдын декабрь айына мерчемделген.

Социалдык объектилердин капиталдык курулушу:

Баткен облусу боюнча капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан бүгүнкү күндө 53 курулуш объекттери тейленип жатат. Анын ичинен капиталдык салымдар беренеси боюнча республикалык бюджеттин эсебинен 2018-жылы каржыланууга 31 социалдык объект кирген. Алардын ичинен 24ү капиталдык курулуш объекттери, бешөө суу чарба объекттери. Аларды оңдоодон өткөрүүгө республикалык бюджеттен каралган акча каражаттын көлөмү 85,6 млн сомду түзөт.

Айыл чарба:

Баткен облусунда 73886 гектар жер бар. Анын ичинен 36387 гектар сугат жер, 37499 гектары кайрак жер. 2018-жылдын 6 ай ичинде өндүрүлгөн дүң продукциянын көлөмү 4163,2 млн сомду түздү. 6 ай ичинде 11637,9 тонна эт, 44793,0 тонна сүт, 8714,1 миң даана жумуртка, 690,1 тонна жүн өндүрүлдү. 66962 гектарга эгин эгүү пландаштырылып, 12721 гектарга буудай, 11557 гектарга арпа, 3096 гектарга күрүч, 10779 гектарга жүгөрү, 1949 гектарга буурчак, 1350 гектарга май өсүмдүктөрү, 2560 гектарга картошка, 3084 гектарга жашылча жана 197 гектарга бакча өсүмдүктөрү эгилди. 2018-жылдын 5 июлуна карата 1595 гектар буудай орулуп, 5062 тонна түшүм, 823 гектар арпа орулуп, 1639 тонна түшүм жыйналды.

Өкмөт тарабынан 6-8-10% жеңилдетилген насыя алуу боюнча:

2018-жылдын 1-жарым жылдыгына карата мамлекет тарабынан 10% жана 6% жеңилдетилген насыя алуу боюнча банктардан жалпы 906 адамга 281210,0 миң сом берилди. Анын ичинен талаачылыкка 224 адамга 64340,8 миң сом, мал чарбачылыгына 637 адамга 182110,8 млн сом, кайра иштетүүгө 19 адамга 28300,0 млн сом насыя берилди.

Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун эсебиндеги 12% насыядан 7 ишкер 8950 миң сом, 3 ишкер 135,5 миң доллар насыя алышкан. Жалпысынан 916 жаран 299441,75 миң сом акча алышты.

Чакан жана орто ишкердикте өнүктүрүү:

Баткен облусу боюнча 1928 кичи жана орто ишканалар иштеп жатат. Ошону менен бирге 33683 жеке ишкер, 30789 фермердик жана дыйкан чарбалары катталган.

Жеке ишкерлер тарабынан:

- 1331,1 млн сомдук чекене соода жүгүртүү жүргүзүлдү;

- 379,4 млн сомдук өнөр жай продукциясын өндүрүштү:

Кичи жана орто бизнесте иштегендердин эсебинен:

- 4591,0 млн сомдук чекене соода жүгүртүү жүргүзүлдү.

Салык топтоо:

2018-жылдын 6 ай ичинде жалпысынан Баткен облусунда 579,0 млн сом салык төлөмдөрүн жана башка жыйымдарды жыйноо план болсо, чындыгында 599,3 млн сом чогултулуп, план 103,5% аткарылды.

Республикалык бюджетке 299,1 млн сом жыйымдарды жыйноо план катары каралып, бирок 296,4 млн сом чогултулуп, план 99,1% аткарылды. Жергиликтүү бюджетке болсо 279,8 млн сом жыйымдарды жыйноо план катары мерчемделип, 302,9 млн сом чогултулуп, план 108,2% аткарылды. Муну менен 23,0 млн сом көп чогултулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×