Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Баткен облусуЛейлек району 24.07.2018 14:42

Видео — Лейлектик жеке ишкер Белес суусуна чакан ГЭС курдуруп жатат

Turmush -  Лейлек районундагы жеке ишкер Асан Халбеков Белес суусуна чакан ГЭС курдуруп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Өзүнүн айтымында, долбоордун жалпы сметалык баасы 70 млн сом. ГЭСтен 0,64 мегаватт энергия өндүрүлөт. Ал бир айыл өкмөткө жетет.

«ГЭС толугу менен бүткөрүлсө бир айыл өкмөттү электр энергиясы менен камсыздайт. Жумуш бүтөрү менен «Ошэлектро» ишканасы менен келишим түзүлөт. ГЭСтин жалпы сметалык баасы 70 млн сом. Ал ички инвестор аркылуу каржыланууда. Тактап айтканда өзүмдүн шахтам бар. Ошол жерден түшкөн каражаттан салынууда. Учурда жумуштун 65% каржыланды. Баул, Катраң, Тогуз-Булак айыл өкмөттөрүндө суу чыкпаган жерлер көп. Ошол айылдарга ГЭСтин жардамы менен суу жеткирүүгө да болот», - деди ал.

ГЭСке Кытайдан 30 млн сомдук генератор алынып келинген. ГЭС 2019-жылы ишке берилсе, анда 200гө жакын адам иш менен камсыз болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×