Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Чүй облусу 12.07.2018 08:01

Видео, фото — З.Бекерова этти сөөгү менен жей турган ооган куурдагы кантип жасаларын айтып берди

Turmush -  Учурда этти сөөгү менен жей турган куурдактын түрлөрү социалдык түйүндөрдө кызуу талкууларга алынууда. Кыргызстандын белгилүү инсандарынан тарта жөнөкөй адамдарга чейин этти сөөгү менен жеп видеого түшүп, аны элге таратуу модага айланды. Аймактык кабарчы үй шартында этти сөөгү менен жей турган куурдак кантип жасаларын ашпозчу Зуура Бекеровадан көрүп келди.

27 жаштагы Зуура Бекерова тамак-аштын түрлөрүн жасаганды жактырат жана өзүнүн билгендерин башка кыз-келиндерге үйрөтүп келет.

«Ооган куурдагын мен алгач борбор калаадагы кафелердин биринен жеп көрүп, аябай жактыргам. Үйдөн өз алдымча жасап көрөйүн деп атайын казан сатып алдым. Андан кийин кафелерде ушундай куурдак жасаган ашпозчулардан "Сырын айтыӊыз, мен силерге атаандаш болбойм. Үйдөн эле жасайм" деп сурасам айтпай коюшту. "Силер аны жасай албайсыӊар, казан жарылып кетет, аны бир гана ушул багытта билими бар ашпозчулар жасай алат" дешти. Ага да болбой, интернет желелеринен 3-4 күн жасоо ыкмасын издедим. Үйгө 2 килограмм эт алып келип, дуба кылып, бышыра баштадым», - деди ал.

Зуура Бекерова: «Ошол 2 килограмм этке туз, мурч, сарымсак, лавр жалбырагын жана башка майда-чүйдөнү жана бир аз суу кошуп, маринаддап 15-20 мүнөт коюп койдум. Андан кийин казанга кадимкидей бир тамактык өсүмдүк майын куюп, этти салып, капкагын жаап, көгүлтүр газдын отуна койдум. Башында казан жарылып кетпесин деп чарбакта жасагам. Аба толуп калганда, казан ышкыра баштайт экен. Улам ышкырып жатканда абаны чыгарып турдум. Ошентип 45 мүнөттөн кийин карасам эттин сөөктөрү кадимкидей бышыптыр. Ал тургай кафеникинен да даамдуу болуптур. Үйдөн конок чакырганда да ушул тамакты жасаса жакшы болот экен.

Бул казан атайын сөөктү жумшарта турчу казан экен. Сөөккө эч кандай химикат кошулган жок. Жөнөкөй казандар 60-100 градус, ал эми бул казан 300-400 градуска чейин ысыкта бышырат экен. Ушунча чоӊ градус менен сөөк дагы бышып калыптыр.

Бышырып жатканда, албетте, ар кандай ойлор келди. "Асты күйүп кеттиби же сөөгү бышпай калдыбы, окшошпой калдыбы дедим. Бирок казанды ачканда эле көрүнүшүнөн бышканын билсе болот», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×