Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Чүй

Москва районунун тургуну окуучу кызды түн ортосунда ала качып кеткен

Turmush -  Чүйдүн Москва районундагы Беловодск айылынын тургуну өспүрүм кызды үйлөнүү максатында ала качканы үчүн кармалды.

Маалым болгондой, 15 жаштагы кызды 23 жаштагы жигит 8-июлга карган түнү саат 03:00 чамасында ала качкан. Саат таңкы 06:00 чамасында кызды үйүнө алып барып, ал учурда окуучуну туугандары издеп баштаган. Ошондой эле укук коргоо органдары адам уурдоо фактысы боюнча ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүштү.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө кыз менен жигит ошол түнү унаада жыныстык катнашта болгонун айтышкан. Ал эми медициналык экспертизанын алгачкы корутундусунун негизинде РИИБ КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш иш козгоду.

Алдын ала маалыматтар боюнча 15 жаштагы кыз мектеп окуучусу болсо, 23 жаштагы шектүү эч жерде иштебейт. Жигит кызды 1-2 гана жолу көргөнүн, сүйүп калып үйлөнүүнү каалаганын айткан. Учурда кыз ала качкан шектүү жигит камакка алынып, тергөө улантылып жатат.

Кийинчерээк Turmush басылмасынын кабарчысына Сокулук райондук аймактык ооруканасынан кыз денесинен жаракат албаганын билдиришти.

«Бизге шок абалда жеткирилди. Колу-бутунда жаракаттын белгилери жок. Учурда абалы жакшы», - дешти дарыгерлер.

Ал эми Сокулук райондук социалдык кызматкерлердин айтымында, экспертизанын жыйынтыгы менен керектелүүчү жардамдар көрүлөт.

«Кыздын абалы менен тааныштык. Психологдор менен да иштешип жатабыз. Экспертизанын жыйынтыгы чыкса тиешелүү иштерди жүргүзөбүз», - дешти социалдык кызматкерлер.

Күбөлөрдүн айтымында, кыздын ата-энеси бир туугандары бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1936
Көп окулду
×