Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Бишкек 14.06.2018 18:27

Өзүн чиновник, депутат катары тааныштырып, адамдарды алдап жүргөн аял кармалды

Turmush -  ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын оперативдүү кызматкерлери алдамчылыкка шектүү Чүй облусунун жашоочусун кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы 14-июнда билдирди.

Маалыматка караганда, шектүү аял өзүн чиновник катары тааныштырып, баардык көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кылчу. Көпчүлүк учурда чоң орундагы чиновниктер менен телефон аркылуу сүйлөшүп жаткандыгын имитация кылчу.

ИИМдин кызматкерлерине Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагында укук коргоо органдарынан жашынып жүргөн аял жашап жаткандыгы боюнча маалымат түшкөн. Бул маалыматты текшерүү максатында оперативдүү издөө иштери жүргүзүлгөн. Бул аял алдамчылык иштерди жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөндүгү аныкталган. Анын өздүгү аныкталып, ал 1960-жылы туулган А.Т. экендиги такталган. Ал КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 2-бөлүмү боюнча издөөдө болчу.

Алынган маалыматка караганда, 2014-жылдын күз мезгилинде Ош шаарынын аймагында жер тилкесин берүү сунушу менен жергиликтүү тургундун 4,5 миң долларын жана 6900 сомун алып, белгисиз болуп кеткен. Ошондой эле ал бирөөнүн мүлкүн өздөштүрүп алуу максатында ишенимге кирип алып, өзүн Ош мэриясынын кызматкери катары тааныштырган.

Бул факты боюнча Ош ШИИБ КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 166-берененин 2-бөлүгүнүн (алдамчылык) негизинде кылмыш иш козгоп, кийинчерээк Т.А.га издөө жарыяланган.

Ушул жылдын июнь айында ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 2-башкармалыгынын кызматкерлеринин ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө анын жүргөн жери аныкталып, колго түшүрүлгөн. Болжолдуу маалыматтар боюнча, аталган жаран өзүнүн пайдасын ойлоп, ар кандай мамлекеттик мекемелерге телефон чалып жүргөн. Ал өзүн Жогорку Кеңештин депутаты же жогорку кызматтагы чиновник катары тааныштырган. Шектүү буга чейин эки ирет алдамчылык боюнча жоопкерчиликке тартылган. Электриктер да анын үйүнө «администрациянын» чалуусу аркылуу келип, оңдоо иштерин жүргүзгөнү маалым болду.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 2-башкармалыгынын кызматкерлери аталган жарандан жабыр тарткандар болсо ички иштер органдарына билдирип (0702 000 170, 0555 365 001, 0312 266 32) коюуну өтүнөт», - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×