Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Нарын

Катуу шамал: Ат-Башыда уй сааган жубайларды бак басып калды (фото)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылында катуу шамал катталып, анын кесепетинен эки адам жабыркап ооруканага жеткирилген.

Аймактык кабарчыга ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгынан билдиришкендей, 2018-жылдын 7-июнунда саат 19:40тан саат 20:00гө чейинки убакта Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылында ылдамдыгы болжол менен секундасына 16-18 метрге жеткен шамал катталып, 7 турак үйдүн жана 2 үйдүн сарайынын чатырларынын айрым бөлүктөрүн учуруп кеткен. Ошондой эле айыл четиндеги бир бак кулап, кечке маал уй сааганга чыккан жубайлар — 1963-жылы туулган С.Гүлбүбүнү жана 1937-жылы туулган А.Жумагулду басып калган. Жабыр тарткан жарандар учурда Ат-Башы аймактык ооруканасында дарыланып жатат.

Дарыгерлердин маалыматына караганда, А.Жумагулдун далысы, ал эми С.Гүлбүбүнүн 12 кабыргасы сынган. Аларга тийиштүү медициналык жардамдар берилип, дарыгерлердин тынымсыз көзөмөлүндө турушат.

Бүгүн, 14-июнда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Ат-Башы районунда болгон иш сапарынын алкагында шамалда жабыркаган бейтаптардын абалы менен таанышты. Облус башчынын айтымында, кырсык болгон күнү дароо райондук Жарандык коргонуу комиссия мүчөлөрү аталган айылды кыдырып, жабыр тарткан турак-жайларды көрүп, тургундар менен жолугушкан. Ошондой эле, ал айрым турак үйлөрдүн чатырларынын бөлүктөрү шамалга туруштук бербей сыйрылып түшкөнүн жана айыл тургундары бир дагы турак үйдү камсыздандырбаганын билдирди. Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тургундарга жаратылыш кырсыктары учурунда кооптуу кырдаалдардын алдына алуу жана андан сактануу чаралары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн маалымдап, айыл эли айттырбай келген жаратылыш кубулушун түшүнүү менен кабыл алып, сабырдуулугун көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

А.Кайыпов дарыгерлерге бейтаптардын ден соолугуна кам көрүп, дайыма көзөмөлгө алуусун тапшырды. Жубайлардын тез сакайып кетишин тилек кылып, жардам катары 10 миң сом каражат тапшырды.

ӨКМдин билдирүүсү боюнча, шамалдын ылдамдыгы секундасына 25 метр же андан жогору катталган учурда өзгөчө кырдаал катары эсептелинет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 14876
Көп окулду
×