Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Чүй облусуМосква району 14.06.2018 10:28

Москва районунда жеңил унаа менен кичи автобус кагышып, 6 адам жабыркады

Turmush -  Чүй облусунун Москва районунда жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен 6 адам жабыркады. Алдын ала маалыматтарга караганда, аталган жол кырсык 13-июлда Александровка айылында катталып, жеңил унаа менен «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү кичи автобус кагышкан. Болжол менен саат 23:00 чамасында райондук ооруканага 6 адам жеткирилген. Алар:

- 1998-жылы туулган К.А., Сокулук районунун тургуну. Анын баш мээси чайкалып, денесин оорутуп алган;

- 1986-жылы туулган М.М., Москва районунун тургуну. Ал баш сөөгүнөн жаракат алып, баш мээси чайкалган;
- 1994-жылы туулган А.Э., Жайыл районунун тургуну. Ал баш сөөгүнөн жаракат алып, баш мээси чайкалган;
- 1999-жылы туулган А.А., Талас облусунун Бакай-Ата районунун тургуну. Ал баш сөөгүнөн жаракат алып, баш мээси чайкалган;
- 1993-жылы туулган Ж.А., Орловка шаарынын тургуну. Ал баш сөөгүнөн жаракат алган.
- 1993-жылы туулган М.А., Жайыл районунун тургуну. Ал баш сөөгүнөн жаракат алып, баш мээси чайкалган.

Төрт жабырлануучу сыныктар бөлүмүнө жаткырылып, ал эми эки жабырлануучуга медициналык жардамдар көрсөтүлүп, андан кийин алар үйлөрүнө жиберилди. Учурда жол кырсыктын себептери текшерилип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×