Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Ысык-Көл облусу 13.06.2018 17:39 На русском

Тасма тартуу үчүн жайлоого кеткен: Дайынсыз жоголгон Шамир Раяпов Ысык-Көлдөн табылды

Turmush -  Бишкек шаарында дайынсыз жоголуп, Ысык-Көл облусунда изделип жаткан Шамир Раяпов табылды. Бул маалыматты АКИpress агенттигине анын досу Кайрат тастыктады.

Маалым болгондой, ал 3-июнь күнү Бишкектеги үйүнөн чыгып кетип, 7-июнда байланыш үзүлгөн. Болжолдуу маалыматтар боюнча, анын үй-бүлөсүндө түшүнбөстүктөр болгон.

Ш.Раяповдун атасы Turmush басылмасына билдиргендей, уулу тасма тартуу үчүн жайлоого барган.

«Балам эч кимге айтпай, Ысык-Көлгө жаратылыш тууралуу тасма тартканы кетип калган экен. Алтын, Арашан, Жууку сыяктуу жайлоолорго барып, тасмага тартып келиптир. Ал жерде уюлдук телефон иштебейт экен. Жайлоолорго унаа каттабагандыктан ат менен барыптыр. Ал үйгө өзү эле келди. Тарткан видеотасмаларын өзүм көрдүм, 5-6 жайлоону тартыптыр. Учурда абалы жакшы», - деди ал.

Буга чейин ӨКМдин басма сөз кызматы режиссер-дизайнер Шамир Раяповду куткаруучулар Ысык-Көлдүн Кажы-Сай айылындагы Капчыгай жайлоосунан издеп жатышкандыгын маалымдаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×