Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Чүй облусу 12.06.2018 11:49

Чүйдө кайсы жетекчилер орозо кармашты? (фото)

Turmush -  Рамазан айы саналуу күндөрдөн кийин аягына чыгат. Бул жолу аймактык кабарчы Чүй облусундагы орозо кармаган жетекчилер менен кабарлашты.

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Элкинбек Ашырбаев 1997-жылдан бери орозо кармап келе жатат.

«Мен 21 жылдан бери орозо кармап келе жатам. 2001-жылы ажыга, андан соӊ 2014-жылы умрага барып келдим. Орозо кармаганымдын башкы максаты ден соолук же башка көз карашта эмес, оболу ишеним менен кармайм. Мусулманчылыктагы эӊ негизги парздардын бирин аткаруу максатында кармайм. Үй-бүлөмдө бардыгы орозо кармап жатат. Быйыл кичүү балам 12 жашка чыгып, ал дагы орозону толук кармап бизге кошулду. Буга чейин эркелеп кармачу. Быйыл "балакатка жетип, убактыӊ келди, эми карма" десек, 2-3 күн кармагандан кийин "оозумду ача берейин" дейт. Биз "кой ачпа сен күчтүүсүӊ да" десек, булчуӊун көрсөтүп жатпайбы. Мен "сенин билегиӊдеги күч эмес, жүрөгүӊдө күч болуш керек" десем, ички сезимдери ойгонуп кетти окшойт, азыр кудайга шүгүр эч нерсеге алаксыбай кармап жатат», - деди ал.

Чүй районунун акими Каныбек Апбасов болсо 7 жылдан бери орозо кармап келет.

«Мен 6-7 жылдан бери орозо кармайм. Эӊ алгач эле ишенимдин негизинде кармайм. Албетте, ал ден соолукка пайдалуу. Дос балдарым, теӊтуштарымдын көбү орозо кармайт. Райондук салык инспекциясынын жетекчиси, биринчи орун басарым, социалдык фонддун жетекчиси, РИИБдин жетекчиси, аппараттагы кызматкерлер орозо кармап жатышат. Ал эми үй-бүлөдөн келинчегим экөөбүз кармап жатабыз», - деди ал.

Ал эми Токмок шаарынын мэри Данияр Амангелдиевдин айтымында, ал мусулман катары өз парзын аткаруу үчүн орозо кармайт.

«Мен 3-4 жылдан бери орозо кармайм. Орозону мусулман болгондуктан ишенимдин негизинде кармап жатам. Бул биздин парз эмеспи. Ден соолукка да пайдалуу экени белгилүү. Токмок шаардык кеӊештин төрагасы, депутаттардын көбү, аппарат жетекчиси, биринчи вице-мэр кармап жатышат», - деди ал.

Жайыл районунун акими Ногоев Турусбек 4 жылдан бери орозо кармайт.

«Мен орозо кармап келе жатканыма 4 жыл болду. Биз мусулман болгон соӊ алгач ишенимдин негизинде орозо кармап жатам. Андан кийин ден соолук үчүн. Үй-бүлөдө улуу 2 балам көп жылдан бери кармап келишет. Балдарым менен кээде жума намазга чогуу барып калабыз. Убактыбыз туура келбей калса өз-өзүнчө барып калабыз. Эки орун басарым теӊ орозо кармайт», - деди ал.

Сокулук районунун акими Таалай Корголдоев ден соолугуна байланыштуу 2 күн мурун оозун ачууга аргасыз болгон.

«Мен 3 жылдан бери орозо кармап келгем. Быйыл ден соолукка байланыштуу 2 күн мурун оозду ачууга туура келди. Ооруканага көрүнүп, дарыланып жатам. Орун басарларымдан Токтобүбү Ракимбаева орозо кармап жатат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×