Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 11.06.2018 11:56 На русском

Мураталы Тагаев Жалал-Абад шаарынын мэри болуп шайланды (өмүр баяны)

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын мэри болуп Мураталы Тагаев шайланды.

Бүгүн, 11-июнда өткөн шаар башчысын шайлоого 31 депутаттын 30у катышып, Мураталы Тагаевге 18 депутат добуш берген. Ал эми Шайыр Ташиев 11 депутаттын добушуна ээ болду. Бир депутат каршы добуш берди.

Ш.Ташиев жана М.Тагаев «Ата Журт» саясий партиясынын мүчөлөрү болуп саналат.

Жалал-Абад шаарынын буга чейинки мэри Салайдин Авазов Бишкек ЖЭБдеги кырсыкка байланыштуу иштин алкагында апрель айында камакка алынып, кызматын тапшырып берген болчу.

Мураталы Тагаевдин өмүр баяны

Улуту: кыргыз

Билген тилдери: кыргыз, орус.

Билими: Жогорку.

- Жалал-Абад коммерциялык институтунун Финансы жана кредит бөлүмүн жана Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын Юриспруденция бөлүмүн аяктаган.

Өмүр таржымалы:

- 1996-жылдын июнь айынан октябрь айына чейин «Баатыр-Ата» акционердик коомунда эсепчи;

- 2000-жылга чейин «Баатыр-Ата» акционердик коомунда экономист;

- 2001-жылдын март айына чейин Кыргызстандын президентине караштуу баалуу кагаздардын рыногу боюнча улуттук комиссиясынын катышуучуларынын кесиптик ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө бөлүмүнүн тескөөчүсү;

- 2002-жылдын июль айына чейин Кыргызстандын президентине караштуу баалуу кагаздардын рыногу боюнча улуттук комиссиясынын көзөмөлдөө бөлүмүнүн 1-даражадагы адиси;

- 2003-жылдын апрель айына чейин Кыргызстандын президентине караштуу баалуу кагаздардын рыногу боюнча улуттук комиссиясынын баалуу кагаздарды көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

- 2006-жылдын октябрь айынан 2007-жылдын февраль айына чейин Мамлекеттик салык инспекциясынын юридикалык жактардын төлөмдөрүн жана салык чогултууну көзөмөлдөө секторунун Сузак району боюнча тескөөчүсү;

- 2007-жылдын июль айына чейин Мамлекеттик салык инспекциясынын салык карыздары боюнча иштөө бөлүмүнүн Сузак районундагы тескөөчүсү;

- 2009-жылдын май айына чейин «Баатыр Ата» акционердик коомунун аткаруучу директору;

- 2009-жылдын август айына чейин Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясынын каржы бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

- 2010-жылдын сентябрь айына чейин Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясынын каржы бөлүмүнүн башкы адиси;

- 2012-жылдын декабрь айына чейин «Тагай Бий» соода-тиричилик борборунун башкы директору;

- 2012-2014-жылдары Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы;

-2014-2017-жылдары шаардык кеңештин депутаты;

-2017-жылдын 11-ноябрынан тартып учурда Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы.

Үй-бүлөлүү. Эки уул, эки кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×