Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Чүй

Москванын Садовое айылында поезд сүзгөн жүк ташуучу унаанын айдоочусу каза болду (видео, фото)

Turmush -  Чүй облусунун Москва районуна караштуу Садовое айылында эл ташыган поезд «ГАЗ-53» унаасын сүзгөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жол кырсык саат 11:20 чамасында катталып, анын кесепетинен жүк ташуучу унаанын айдоочусу катуу жабыркаган. Окуя болгон жерге ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан 5 куткаруучу тартылып, жабыркаган айдоочуну райондук ооруканасына жеткиришкен. Бирок жабырлануучу жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.

Азыркы учурда РИИБдин кызматкерлери тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат.

Күбөлөрдүн айтымында, жүк ташуучу унаанын айдоочусу Александровка айылынын 56 жаштагы тургуну болгон. Ал Садовое айылынан айдоо аянтка кык ташып бара жаткан.

«Жүк ташуучу унаа алдындагы поездди өткөрүп туруп, андан кийин жүрүшү керек эле. Бирок айдоочу поездден биринчи өтүп кетем деп ойлогон окшойт.

Ооруканага Д.М.нын жансыз денеси жеткирилген. Аны ал жактан дароо өлүкканага жөнөтүшкөн. Катуу жаракат алып, бети жанчылып калган», - деди күбөлөр.

(Видео ӨКМге таандык)

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2598
Көп окулду
×