Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Баракелде, Бишкек 10.04.2018 12:05 На русском

Президент Жогорку Кеңештин профилдик комитетине башкы прокурор И.Жолдубаеваны кызматынан бошотууну сунуштайт

Turmush -  Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетине президент Сооронбай Жээнбековдон башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматынан бошотуу тууралуу сунуштама келди. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде аталган комитеттен билдиришти.

Өлкө башчысынын сунуштамасын Президенттин аппаратынын жетекчиси Мухамедкалый Абылгазиевдин тааныштыруусу күтүлүп жатат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясындагы 64-берене:

4. Президент:

1) Жогорку Кеңештин макулдугу менен Башкы прокурорду дайындайт; мыйзамда каралган учурларда Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин макулдугу же болбосо Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн экиси жактырган Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча Башкы прокурорду кызматтан бошотот; Башкы прокурордун сунушу боюнча анын орун басарларын дайындайт жана кызматтан бошотот;

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×