Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Нарын облусу, Нарын 20.03.2018 16:37 На русском

Видео, фото — Нарында эл өкүлдөрүнө кокустан жолуккан бөбөктөр 12 000 сом сыйлыкка ээ болушту

Turmush -  Бүгүн, 20-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Нарын облусуна эки күндүк иш сапары менен келди. Төраганы Жогорку Кеңештин депутаттары жана бир катар министрлер коштоп келишти, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, төрага Нарын шаарындагы Нарын облусунун бириктирилген ооруканасынын тез жардам бөлүмүнүн имаратынын абалы менен таанышты. Анда имаратка көп жылдан бери капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлбөгөндүгү жана имарат 2017-жылы Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженерлик долбоорлоо мамлекеттик институтунун адистери тарабынан текшерилип, ал пайдаланууга жараксыз деген техникалык жыйынтык чыгарылгандыгы айтылды. Тиешелүү кызматкерлер Жогорку Кеңештин төрагасынан бул имараттын ордуна жаңы имарат куруу боюнча маселени чечип берүүнү өтүнүштү.

Алдын ала маалыматтарга караганда, имарат 1952-жылы кесиптик техникалык окуу жай катары курулуп, кийин Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун балансына алынган. 2008-жылга чейин облустук кургак учукка каршы күрөшүү борбору болуп иштеп келген.

Андан соң төрага Нарын шаарындагы калкты тейлөө борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Анда калкты тейлөө имараты оңдоо иштеринен өткөндүгү жана имараттын тардыгы айтылды. Өз кезегинде төрага борбордун кызматкерлерине тургундарды тейлөөдө жакшы мамиле кылуу керектигин айтып, иштерине ийгиликтерди каалады.

Ал бул борбордун имаратынан чыгып жаткан учурда неберелерин ээрчитип, борборго келген Нарын шаарынын тургуну Эрнис Орозобаев менен амандашып, алар менен эстеликке сүрөткө да түштү. Андан соң, депутат Камчыбек Жолдошбаев балдарга батасын берип, аларга 100 доллар (6800 сом), ал эми төрага Дастанбек Жумабеков 5000 сом акча берди.

Эрнис Орозобаев 3 жаштагы неберелери — эгиздер Ибрагим жана Ибрахим, алардын иниси Исмаилди ээрчитип, Калкты тейлөө борборуна жээн небересинин туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алууга келген. Ал көчөгө неберелерине дайыма калпак кийгизип ээрчитип чыгат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×