С.Жээнбеков Президенттин аппаратынын жетекчиси Ф.Ниязовдун отставкасын кабыл алган жок

Turmush - Президент Сооронбай Жээнбеков Президенттин аппаратынын жетекчиси Фарид Ниязовдун кызматтан кетүү тууралуу арызын кабыл алган жок. Бул тууралуу президенттин пресс-катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.
«24-февралда Фарид Ниязов президент Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүп, кызматынан кетүү тууралуу чечимин айткан. Бирок президент анын суранычын кабыл алган жок. 26-февралда Ф.Ниязов президентке кызматтан кетүү боюнча арызы менен кирген. Бирок Сооронбай Жээнбеков ага кол койгон жок. Ал Ф.Ниязов президенттик шайлоодон бери эс ала элек болгондуктан ага 1 жума эс алууга убакыт берип, мындан ары чогуу иштешүүнү сунуштады», - деди ал.
Окуя тууралуу:
Буга чейин Президенттин аппаратынын жетекчиси Фарид Ниязов отставкага кеткени кабарланган.
Маалыматка караганда, Ф.Ниязовдун кызматтан кетүү тууралуу арызы президентке ишемби күнү берилген. Аппараттын кечээки жыйынына Ф.Ниязов катышкан эмес.