Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Баракелде, Бишкек 24.02.2018 12:12 На русском

Бишкекте УКТнын издөөдө жүргөн мүчөсү кармалды

Turmush -  Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин кызматкерлери издөөдө жүргөн адамды кармашты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, 1989-жылы туулган К.М. 20-февралдагы иликтөө иштеринин жүрүшүндө кармалды. Анын жанынан 2 бычак табылды. Ал буга чейин алдамчылык кылмышка шектелип издөөдө жүргөндүгү такталды. Ошондой эле ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун өкүлү катары катталган. Шектүү камакка алынып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×