Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Баракелде, Бишкек 26.01.2018 19:01 На русском

Фото — Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын үстүн муз каптады

Turmush -  Бүгүн, 26-январда Бишкек шаарында абанын температурасы -20 градуска чейин төмөндөдү. Жакынкы күндөрү абанын температурасы -30 градуска чейин төмөндөшү күтүлүп жатат.

Адистердин айтымында, борбор калаада мындай катуу суук 2012-жылы болгон.

Учурда Бишкектеги дарыялар тоңуп, «Жашылдандыруу курулуш» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Ала-Арча дарыясындагы муздарды шаймандарды колдонуп жарып чыгышты. Алар муздарды тазалоо иштерин улантышып жатышат.

ӨКМ Аламүдүн жана Ала-Арча дарыяларында муз топтолуп жатканын билдирди.

ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Майрамбек
Жунусовдун айтымында, жарандык коргонуу күчү жана каражаттар тиешелүү иштерди жасоого даярдалды.

«Катуу суук башталгандан бери Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын үстүндө муз пайда болду. Дарыялардагы муздарды механизациялык тазалоо боюнча иш-чаралар өткөрүлөт. Бишкек шаарынын жарандык коргонуу күчү жана каражаты тиешелүү иштерди аткарууга даярдалды. Белгилей кетсек, "Ош" базарынын аймагы Бишкектин Ленин районуна кирет. Ал жерде көптөгөн жеке ишканалар курулган. Аталган базардын администрациясы тарабынан коркунучту төмөндөтүү үчүн тиешелүү чаралар көрүлүшү керек», - деди ал.

ӨКМдин маалыматына караганда, мындан 5 жыл мурун Бишкектин бардык 4 районунда, Ала-Арча дарыясында муз топтолуп, турак үйлөрдү суу каптоо коркунучу жаралган. Ошол мезгилде муздарды тазалоодо эң кооптуу жерлер көпүрөлөр болгон. Мындай жерлерди атайын техника менен тазалоого мүмкүн болбой, кол менен тазаланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×