Turmush — Чыңгыз Айтматовдун «Гүлсарат» чыгармасындагы каарман Танабай менен «Бетме бет» чыгармасындагы Ысмайыл куда болушат. Аймактык кабарчы Танабай аксакалдын уулу Аманкул Курманалиевден кабар алды.
Анын айтымында, учурда Шекер айылында жашайт.
«Мен 1947-жылы Кара-Буура районунун Шекер айылында туулгам. Үйдүн эң улуусумун. Атам 9 жашымда көз жумган. 8-класска чейин мектепке окуп, кийин айдоочулук кесипке ээ болдум. Айылда трактор, комбайн айдап эмгектенгем. Ал учурда апам тамекиде иштечү. Кийинчерээк ооруп иштебей калган. Мен аскерге кеткенде менден кийинки карындашым Анаржан 8-классты бүтүп, шекердеги уй фермада саанчы болуп иштеп, үйдөгүлөргө жардам берип, каралашып турган. Аскерден келгенден кийин кайра мурдагы жумушума кайтып иштеп баштагам. Ал учурда үкөм Байысбек 15 жашында мал кайтарып, чабандарга жардамчы болуп иштеп, кичине болсо акча таап калган. Ал учурда аябай кыйналчубуз. Карындаштарым ал учурда бирөөсү үйгө каралашса, бири апама жардам берчү эле.
Өзүм 15 жылдан бери алма ширесин чыгарган кичи ишкана иштетем. Жүгөрү тартып иштейм. Учурда 4 кызым, 1 уулум бар», - деди Аманкул аксакал.
Танабай аксакалдын кичүү уулу Байысбек Курманкулов 16 жылдан бери багбанчылык менен алектенет.
«Мен 1953-жылы Шекер айылында туулгам. Өзүмдүн кесибим боюнча жолчумун. Аскерден келгенден кийин жолчу, экспедитор болуп иштеп, 2002-жылдары багбанчылыкка өттүм. Азыркы учурда алма түшүмүн алып Россия Казакстанга сатып киреше табабыз. 3 кыз, 2 уулдун атасымын», - деди ал.
Уулдарынын айтымында, Танабай ата 1903-жылы Кара-Буура районуна караштуу Шекер айылында туулган. Жубайы Бүбүжан 1928-жылы Арчагул айылында туулган.
Танабай ата өзү сарайда ат багып иштеген. Ал учурда шекерлик жазуучу Чыңгыз Айтматов өспүрүм бала болгон. Келечектеги жазуучу ал кезде селсовет болуп иштечү. Танабай ата ага жакшы аттарды таптап берип турган. Аттарды өз баласындай карагандыктан Чыңгыз Айтматов каарманыбызды жактырып, тарыхына кызыгып, «Гүлсарат» чыгармасынын башкы каарманы кылып жазып чыккан. Танабай ата өзү сөзмөр киши болгондуктан кээде баарлашып отурган адамдар таңдын атып кеткенин байкабай калышчу. Жубайы экөө 2 уул, 3 кыздуу болгон.
Балдарынын улуусу — 70 жаштагы Аманкул аксакал учурда Шекер айылында жашайт.
Андан кийинки 67 жаштагы кызы Анаржан Курманалиева учурда Кара-Буура районунун Кайнар айылында жашайт. Ал «Бетме бет» чыгармасындагы Ысмайылдын уулуна турмушка чыккан. 3 уул, 6 кыздын энеси.
Кийинки уулу — 65 жаштагы Байысбек Курманалиев 3 кыз, 2 уулдун атасы.
Ортончусу — Жумабү Курманалиева учурда 61 жашта, Грозный айылында жашайт. 2 кыз, 2 баланын энеси.
Эң кичүү кызы Күлжакан Курманалиева учурда 58 жашта. Ал дагы Грозный айылында жашайт. 1 кыз, 2 уулдун энеси.
Танабай атанын өзүнүн бир тууган иниси Данияр 1909-жылы туулган. Ал кийинчерээк Грозный айылына көчүп кетип, учурда урпактары ошол жакта жашайт.
Танабай аксакал 1957-жылы 54 жашында көз жумган.