Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Нарын облусуАк-Талаа району 13.12.2017 15:46

Жети жылдан бери сел жүргөн Ак-Чийдеги эл коопсуз аймакка көчүрүлө элек (видео, фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ак-Чий жана Жаңы-Тилек айылдары сел каптап кетүү коркунучунда турган кооптуу аймакта жайгашып, анда жашаган жергиликтүү тургундардын социалдык меселелери ушул күнгө чейин чечилбейт келет. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жашоочулар билдиришти.

Маалым болгондой, Ак-Чий жана Жаңы-Тилек айылы биригип Ак-Чий айыл өкмөтүн түзөт. Бул айылдарда буга чейин бир нече жолу сел жүрүп, жергиликтүү тургундар бир топ зыянга учурашкан. Мындан улам, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 2010-жылы аталган аймакта жашоого мүмкүн эместигин жана айылды коопсуз аймакка көчүрүү боюнча чечим чыгарылган. Бирок андан бери 7 жыл өтсө дагы аталган айылды көчүрүү, жаңы айыл түптөөгө эч ким көңүл бурбай, жергиликтүү тургундар кыйналып күн кечирип келишүүдө.

Айыл өкмөт башчысы Эрмек Айыповдун маалыматы боюнча, учурда жергиликтүү жашоочуларды коопсуз аймакка көчүрүү жана жаңы айылды түптөөгө Кара-Коо чөлкөмүнөн 147 гектар аянт жер каралып, анын генпландары толук бүткөрүлгөн. Бирок жерди трансформациялоо иштери чечилбегендиктен жергиликтүү тургундарга жашаганга жер тилкелери бөлүнүп берилбей жатат.

«Бүгүнкү учурда жергиликтүү тургундар аябай кыйналып жашап келишүүдө. Жаңы Ак-Тилек айылын түптөөгө, элге жер тилкелерин бөлүп берүүгө бардык документтер, башкы планы түзүлүп бүткөн. Бирок жерди трансформациялоо иштери чечилбей, бүгүнкү күнгө чейин айыл элин коопсуз аймакка көчүрө албай жатабыз. Ошол себептен эл турак жайларын камсыздандыра албай жатат. Экинчиден, турак жайын күрөөгө коюп, насыя ала албай жатышат. Үчүнчүдөн, айылга жаңы курулуштарды кура албайбыз жана жергиликтүү тургундар дагы үй жайын оңдой албай же жаңы үй жай сала албай жатышат. Ал тургай, бир үйдө 3-4 үй-бүлө баш калкалап жашап келишүүдө», - деди айыл өкмөт башчысы Э.Айыпов.

Аталган айылдарда жалпы 132 түтүн эл жашап жаткан болсо, ал эми жер алууга кезекте тургандардын саны 276га жеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×