Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Ош

Ош шаардык соту бир туугандарды сүзүп кеткен 15 жаштагы айдоочунун ишин кыскартты

Turmush -  Ошто 3 жаштагы баланы жана 25 жаштагы кызды унаа менен сүзүп кеткен окуучунун иши кыскартылды. Бул тууралуу жабырлануучулардын эжеси Дилара Адабаева бүгүн, 25-сентябрда  билдирди.

Анын айтымында, 14 жаштагы айдоочунун ишин Ош шаардык соту карап, анын өспүрүм экени эске алынган. Бирок жабырлануучу тарап буга нааразы.

«15 жашка жете элек окуучу унааны башкарып бара жатып, жээним менен сиңдимди сүзүп кеткен. Козголгон кылмыш ишти милиция тергеп, сотко өткөрүп берди. Сот отурумунда унааны башкарып жүргөн бала 15 жашка толо элек деген шылтоо менен ишти кыскартышты. Жыйынтыгында окуучу баласына унаанын ачкычын берип, кароосуз калтырган ата-энесине да жоопкерчиликке тартылган жок», - деди ал.

Окуя тууралуу:

Окуя 2017-жылы 20-августта саат 20:00 чамасында болгон. Кийинчерээк ШИИБдин Патрулдук милиция бөлүмү кабарчыга айдоочунун өздүгү такталганын кабарлаган.

Жапалак айылынын 2002-жылы туулган тургуну башкарып бара жаткан унаа анын атасына тиешелүү болчу. Ал эми жабыркаган бир туугандар унаа жолдун жээгинде бара жатышкан. Окуянын кесепетинен 25 жаштагы М.А. буту сынып, ооруканага кайрылган. Анын 3 жаштагы иниси жаракат алган эмес.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1942
Көп окулду
×