Turmush — Бардыгын кайрадан баштоо акылсыздык эмес, жасалмалуулук менен бактылуу көрүнүү акылсыздык экенин кыргыз кызы Жанара көптөгөн эмгектин аркасы менен жеткен ийгиликтери аркылуу далилдеди. Ал 31 жашында жер которуп, барын кайра башынан баштаган.
Дүйнөнү суктандырып, күн санап өнүгүп жаткан Дубай шаарында кыска убакыттын ичинде жеке ишканасын түптөп, ийгиликтүү иштетип жаткан кыргыз кызы Turmush басылмасынын кабарчысына өзүн Жанара Миг (МИГ - молодежная инициативная группа, кырг. — демилгелүү жаштардын тобу) деп тааныштырды.
Өзүнүн айтымында, Бишкектен Дубай шаарына алгач мындан 6 жыл мурун тармактык маркетинг боюнча эмгектенген жумушунан берилген жолдомо менен барган. Ал жердин өзгөчө кооздугу жана экономикасынын токтоосуз өнүгүп жатканы кызыктырып, каршылыктарга, кыйынчылыктарга карабастан алгачкы кадамдарын таштаган. Алгачкы убакта Дубайда негизги тил болгон англис тилин жетиштүү деңгээлде билбегени көптөгөн оорчулуктарды жаратканын эскерди.
Учурда кыргыз, орус жана англис тилдеринде эркин сүйлөгөн мекендешибиз кыймылсыз мүлктөрдү айына, жылына ижарага алып, кайра керектөөчүлөргө ижарага берген жеке компаниянын ээси болууга жетишти. Ага бир тууган сиңдиси жана аталаш иниси жардамчы. Учурда сиңдиси жана 10 жаштагы уулу менен Дубайдын алдыңкы райондорунун биринде жашайт. Уулу Султан америкалык метод менен англис тилинде билим берген мектепте билим алууда.
«Дубайда жашаган алгачкы 4 жылда материалдык жактан кыйналсам, жумушум жол тапкандан кийин моралдык жактан калыпка келүү үчүн да убакыт керек болду. Ал эми, уулумду жаныма 6 жашында алдым.
Бул шаарга алгач келгенде бир орундуу бөлмөдө жашап, ар кандай жумуштарда эмгектенип жүрдүм. Албетте иштин жемишин алуу оңой болбойт. Бир аз убакыттан кийин кыймылсыз мүлктөрдү сатуу, ижарага берүү менен алектенген жумуш берүүчүлөр өнөктөш болууну сунушташты. Бирок ал учурда англис тилин жетиштүү деңгээлде билбегендиктен жоопкерчилик алуудан корктум. Кызматташууга чакыргандар мага ишеним артып, кардарлардын басымдуу бөлүгү орус тилдүүлөр экенин айтышты. Ошондон тарта жумушка болгон күчүмдү жумшап, аз убакыттын ичинде жакшы көрсөткүчтөргө жетиштик. Бара-бара бул тармакты жакшы өздөштүрүп, өз алдымча иштөөгө өттүм. Жеке ишкананы ачууда түбү орус улутундагы дубайлык айым өнөктөш болуп, лицензия алдык. Бул жерде ишкерлер үчүн жакшы шарттар түзүлгөн жана коопсуздук эң мыкты деңгээлде. Өнөктөшүбүзгө жыл сайын келишимде көрсөтүлгөн суммадагы каражатты төлөп турабыз. Албетте жеке ишкананын кирешеси айлык акы алып эмгектенгенге салыштырмалуу жакшы болот. Бирок Дубайда жашоо кымбат. Айына орточо эсеп менен өзүбүздүн чыгымга 5 миң доллардан ашык каражат сарпталат», - деди мекендешибиз.
Ал эл-жерден алыс жакта жүргөнү менен патриоттук сезими күч. Уулу 3 жашына чейин татар улутундагы чоң апасынын колунда тарбиялангандыктан үйүндө орус тилинде сүйлөшүп көнгөн. Учурда англис тилинде да эркин сүйлөйт. Уулу кыргыз тилин түшүнө турганын айткан Жанара айым аны улуттук баалуулуктар менен тарбиялоого аракет кыларын кошумчалады.
«Уулум кыргыз салтын же кыргыз тилин жакшы билбей калуусуна жол бербейм. Биздин жүрөгүбүз дайыма элибиз менен. Сиңдим мыкты ашпозчу болгондуктан үйдө дайыма кыргыз ашканасынын тамагы болот», - деп кошумчалады.
Ошондой эле, Жанара айымды чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын байланышын бекемдеп, ар кандай иш-чараларды уюштуруучу катары таанышат. Ал чет жакта, анын ичинде Бириккен Араб Эмираттарында Кыргызстанды, кыргыз улуттук маданиятын, мурасын, тарыхын, үрп-адатын даңазалоо максатындагы иш-чараларды уюштурууну, мекендештерге колдоо көрсөтүүнү милдети катары эсептейт.
Мурда маалымдалгандай, 2017-жылдын 5-майында Дубай шаарында биринчи жолу кыргызстандык сулуулар арасында улуттук мурасты даңазалаган сынак өткөн. Кыргызстандан чыныгы таланттуу, жоопкерчиликтүү жана патриот таланттарды, фонограммасыз ырдаган ырчыларды чакыруу менен бул багыттагы кадамдарын уланта турганын кошумчалады.
Жанара айымдын балалыгы Жалал-Абаддагы Таш-Көмүр шаарында жана Чүйдүн Кегети айылында өттү. Учурда ардактуу эс алуудагы ата-энеси Кегети айылында жашайт. Өзүнөн кийин 2 сиңдиси жана эки иниси бар. Сиңдилеринин бири өзү менен бирге Дубайда жашап эмгектенип жатса, кичүү сиңдиси ушул жылы Кытайдагы жогорку окуу жайды аяктады. Ал эми, инилери Кыргызстанда жашашат. Орто билимди Кегетидеги мектептен алган Жанара Б.Бейшеналиева атындагы искусство университетинин уюштуруу иштери боюнча бөлүмүн артыкчылык диплому менен аяктаган.
«Бишкекте университетте 5 жыл окуп диплом алганым менен Дубайда автомектепте окуп сынак бергеним тең болду. Дубайда көптөгөн оор сынактардан өткөндөн кийин гана айдоочулук күбөлүк беришет. Мен унаа башкарууга уруксат алуу үчүн 4 жолу сынак тапшырдым», - деп кошумчалады.
Кыргызстанга тез каттаган мекендешибиз учурда Бишкек шаарындагы батирлерин да оңдоп-түзөө иштери менен алектенип жатат. Жайкы эс алуусун Кыргызстанда тайлары жана чоң апасы, атасы менен өткөргөн уулун жакында эле алып кетти.