Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Ош облусу, Ош 14.06.2017 16:05 На русском

Ошто Сириядан келген террорчу кармалды

Turmush -  Ош шаарында Сириядан келген террорчу кармалды. Turmush басылмасынын кабарчысына маалым болгондой, 11-июнда шектүү У.И. Сириядан келген учурда тиешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн.

Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин маалыматы боюнча, У.И. Кыргызстанда тыюу салынган «Джамаат таухид ва джихад» («Жаннат Ошиклари») террористтик уюмдун мүчөсү. Расмий маалыматтарда айтылгандай, шектүү 2015-2016-жылдары Сириянын Идлиб провинциясында согуштук даярдыктан өтүп, согуштук топографияны үйрөнгөн.

Ал эл аралык террористтик уюмдардын лидерлеринин тапшырмасы менен Кыргызстанда эл көп чогулган жерде жардыруу уюштурмак деп шектелип жатат. Учурда шектүү камакка алынып, тергөө иштери улантылууда.

Буга чейин ушундай эле шек менен 18 жаштагы М.Ж. 6-июндагы контртеррористтик иш-чаралардын алкагында кармалды. Бирок, анын апасы уулу мындай жолго барганына ишенбей турганын айтууда.  

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×