Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 01.03.2017 16:00

Айыл турмушу: Таластык уста Э.Ибраимов 15 жылдан бери комуз жасайт (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Бейшеке айылынын 39 жаштагы тургуну Эрик Ибраимов 15 жылдан бери комуз жасайт. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, бир комузду 10 күндө жасап бүтөт.

«Комузду өрүктөн жасайм. Алгач дөңгөчтү оюп, формасын түшүрүп, ичин ойгондон кийин казанга 1-2 саат кайнатам. Андан алып чыккандан кийин кийиз менен тумчулап, 10-15 күн коюп коём. Бары даяр болуп калган маалда жасап баштайм. Бир комуз 10 күндүн ичинде даяр болот. Алардын ар бири 5-6 миң сомдон сатылат», - деди ал.

Уста жубайы Элнура менен 2 баланы тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×