Turmush — Талас районундагы Үч-Эмчек айылы 1929-1930-жылдары негизделген. Аймактык кабарчы жергиликтүү тургундардан айылдын таржымалы тууралуу маалымат алды.
Алардын айтымында, айылдын Үч-Эмчек аталышына элеттин түндүк жагындагы эмчекке окшош дөбөлөр себеп болгон.
Эл ичинде мындан башка дагы жоромолдор айтылып келет. Экинчи уламышка караганда, Өзгөрүш, Өрнөк жана Кууганды өзөндөрү бар. Алар бийик тоодон 3 салаа болуп көрүнөт. Суулары да салаалап агат. Ошол себептен айылдын аты Үч-Эмчек деп коюлганы айтылат.
470тен ашуун түтүн эл жашаган айыл райондун борбору Көк-Ой айылынан 42 км, «Маймак» темир жол станциясынан 143 км алыстыкта жайгашкан. Элеттин эли мал чарба жана дыйканчылык менен алектенет. Айылда орто мектеп, бала бакча, клуб, китепкана, ФАП, музей, мечит жана кичи футбол аянтчасы бар.
Элеттен Касым Каимов, эл акыны Сүйүнбай Эралиев, «Социалдык эмгектин баатыры» Шаршен Назаралиев, М.Тазабеков, белгилүү сүрөтчү Жаныбек Рай жана башкалар чыккан.