Turmush — Сүйүп көрүү — ар бир адамдын табигый укугу. Ал жөнүндө улуу ойчулдар нечен ой жүгүртүп, акындардын бүтпөс темасына айланган. Сүйүү адамдын кубанычы, бакыты, арманы жек көрүүсү, айтор бардыгы. Бул жолу наристелердин сүйүү жөнүндөгү аныктамаларын топтодук.
1. «Сүйүү сени толкундай болуп каптап кетет. Андан качып кетиш кыйын». Арсен, 9 жашта.
2. «Өзүңдүн аялыңа бүгүн өтө өңү суук болуп турса да сулуу экени жөнүндөгү комплименттерди айт». Влад, 7 жашта.
3. «Эч качан өзүңдүн аялыңдын атын унутпа. Анткени мунун арты өтө жаман болуп бүтүшү мүмкүн». Аня, 8 жашта.
4. «Жакшы өбүшкөндү үйрөн. Ошондо аялың сен бүгүн үйдөн таштандыны чыгарбай калганыңды унутуп калат». Таня, 6 жашта.
5. «Сүйүү — бул кыз атыр себинип, бала атыр себинип, жолугушууга барып, бири-бири жытташат». Карл, 5 жашта.
6. «Эгер сүйүү чет тилинде китеп окугандай татаал болсо, мага кереги жок. Анткени ал аябай көп убакытты алат». Ваня, 7 жашта.
7. «Ишке караганда сүйүүгө көп убакыт короткула». Данила, 7 жашта.
8. «Башында сенин жүрөгүңө жебе менен аткандай болот. Бирок кийин жеңилдеп каласың». Рома, 8 жашта.
9. «Эмне болуп жатканын эч ким билбейт. Бирок мен бир жерден мунун баары кандай жыттанып турганыңдан көз каранды болот деп уккам. Ошол үчүн чоңдор атыр себингенди жакшы көрүшөт». Лина, 9 жашта.
10. «Сүйүү — бул дүйнөдөгү маанилүү нерсе. Бирок футболду да сүйөм». Георгий, 8 жашта.
11. «Мен бала бакчага барбай калган кезде сөзсүз аял издейм». Евгений, 5 жашта.
12. «Көнүмүш болгондой бардыгы биринчи жолугушууда алдашат. Анткени алар экинчи жолу да жолугушууга баргысы келет». Саша, 10 жашта.
13. «Эгер адамдар көп убакыттан бери жолугушуп жүрүшсө, бала кызга сунуш киргизип, «Биз бирге болобуз. Эч болбосо биздин балдарыбыз пайда болгонго чейин ажырашпайбыз» деп айтышы керек. Юля, 9 жашта.
14. «Сүйүү — акылы жок нерсе. Бирок мен баары бир аны билип, көргүм келет». Андрей, 9 жашта.
15. «Сенин сүйүүң кайда бекинсең да баары бир таап алат. Мен 5 жашымдан бери андан бекинем. Бирок кыздар мени өздөрү таап алышат». Леша, 8 жашта.
16. «Сүйүү — бул сен аябай чарчап турсаң да жылмайганың». Терри, 4 жашта.
17. «Сүйүү — бул апам атам үчүн кофе даярдап, аны берээрден мурда кофенин даамы жакшы болгондугун текшериш үчүн өзү бир аз ичип көргөнү». Дэнни, 7 жашта.
18. «Эгер сүйгөндү үйрөнгүң келсе, анда өзүң эң жаман көргөн досуңдан башташ керек». Никка, 6 жашта.
19. «Сүйүү — бул балага анын көйнөгү жагаарын айтсаң ал ошол көйнөктү күн сайын кийип жүрөт». Ноэль, 7 жашта.
20. «Бул кемпир менен чал бири-бирин ушунчалык көп убакыттан бери билгендерине карабай дос болушканы». Томми, 6 жашта.
21. «Апам мени баарынан жакшы көрөт. Кимдир бирөө мени күндө уктардын алдында өөп жатабы?». Клара, 6 жашта.
22. «Сүйүү — бул апам атама эттин эң жакшы кесимин бергени». Илэйн, 5 жашта.
23. «Сүйүү — бул атам үйгө тердеп, жаман жыттанып келсе дагы апам ага Роберт Редфорддон (бир кездеги популярдуу актер) сулуу экенин айтканы». Крис, 7 жашта.
24. «Сүйүү — бул сен бир күн кечке жалгыз таштап койгонуңа карабай, итиң келип бетиңди жалаганы». Мэри Энн, 4 жашта.
25. «Менин эжем мени жакшы көрөт. Ошол үчүн ал мага өзүнүн эски көйнөктөрүн берип, өзү жаңы сатып алганга мажбур болот». Лорен, 4 жашта.
26. «Бирөөнү сүйүп калсаң сенин кирпиктериң өйдө-ылдый, өйдө-ылдый болуп, сенден кичинекей жылдыздар учуп чыгат». Карен, 7 жашта.
27. «Сүйүү — бул апам атамды дааратканада отурганын көрсө да жийиркенбегени». Марк, 6 жашта.
28. «Эгер чын болбосо «мен сени сүйөм» деп айтпаш керек. Эгер чын болсо анда муну дайыма айтып туруш керек. Адамдар бат эле унутуп калат». Жессика, 8 жашта.