Бөлүмдөр
Ишемби, 14-декабрь
Ош облусу, Ош 28.06.2016 17:05

Айыл турмушу: Шуруларды өзгөчө жакшы көргөн Айтурган жеңеси менен бирге түрдүү аксессуарларды жасайт (фото)

Turmush -  Ош шаарынын тургуну Айтурган Эгембердиева жеңеси менен шурулардан түрдүү аксессуарларды, таажыларды жасап сатуу менен киреше табат. Кыл менен жасалган аксессуарларга учурда суроо-талап көп болуп жатканын аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдирди.

«Мен кичине кезимден бери бисер, шуруларга кызыгам. Өз алдымча өзүмө ар кандай кооз мончокторду жасап алчумун. Кийин жеңемден дагы шуру, бисерлер менен иштөөнүн башка сырларын үйрөндүм. Жеңем аксессуарларды жакшы жасайт. Экөөбүз жасаган эмгектердин сүрөттөрүн интернетке жайгаштырып, буюртма алабыз. Кыздардын көйнөктөрүнө жарашыктуу мончоктордун түстөрүн тандап, уникалдуу кылып жасап беребиз. Бир жасалган аксессуар экинчи ирет кайталанбайт жана биринчиси экинчисине окшошпойт », - деди А.Эгембердиева.

Анын жеңеси Айганыш Кабылбекова шурулардан ар кандай кооз буюмдарды жасаганды апасынан үйрөнгөн.

«Менин апам чебер. Менин себимди дагы толугу менен өзү жасап берген. Шурулардан таажыларды жасаганды апамдан үйрөнүп келдим. Азыр үйлөнүү тою боло турган кыздар таажыларга көп кызыгып жатышат. Биз таштарды, мончокторду Бишкектен алдырып келгендиктен, аксессуарлардын баасы дүкөндөгүлөрдөн жогору. Жалтырап, көрк берип туруучу шуруларды колдонобуз. Мончоктор шакеги, сөйкөсү менен 1500 сомдон сатылат.

Буга чейин Бишкектеги кардарларга жасап берсек, быйыл Ош шаарынан буюртмаларды алып жатабыз », - деди А.Кабылбекова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×