Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 17.06.2016 12:51

Жалал-Абад облусунда сел жүрүп, унаа жолдор убактылуу жабылды

Turmush -  Бүгүн, 17-июнда саат 06:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Жол айыл аймагында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Жолборсту айылындагы жылгалардан сел түшкөн. Сел суулары Жолборсту айылына баруучу ички чарбалык унаа жолду жууп, аңга айландырып, жол каттамына кыйынчылыктарды жараткан, деп билдирди ӨКМ.

- Ак-Жол айылында Ак-Жол дарыясынан келген сел суулары Ак-Жол айыл өкмөтүнүн борборунан Райкомол айылына баруучу №38 жол тейлөө ишканасынын балансындагы көпүрөнүн жээктерин жеп баштаган. Кырсыктын алдын алуу максатында жол каттамы убактылуу токтотулду.

-Ак-Жол айыл аймагындагы Ак-Жол дарыясынан келген сел суулары айыл өкмөттүн борборунан Шынаа айылына баруучу ички чарбалык көпүрөнүн жээктерин жеп, көпүрө авариялык абалга келген. Айыл тургундары айланма жол менен каттап жатат.

- Разан-Сай айылындагы жылгалардан келген сел сууларынан пайда болгон кум-шагылдар Разан-Сай орто мектебинин айланасын каптап калган. Ошондой эле, Разан-Сай айылынын Сары-Таш тилкесиндеги 15 кожолукка баруучу ички чарбалык унаа жолдун бетин жууп, аң-сайга айландырып, жол каттамына бир топ кыйынчылыктарды жараткан.

Райондук жарандык коргонуу комиссиясы ӨКМдин Аксы райондук бөлүмүнүн башчысы менен биргеликте саат 08:30да окуя болгон жерге тактоо иштерине чыгып кетишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×