Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Баткен облусу, Сүлүктү 17.06.2016 12:23

Жыл башынан бери Сүлүктүдөгү катуу шамал 90дон ашык үйдүн шиферин учурду

Turmush -  2016-жылдын биринчи жарымында Баткен облусунун Сүлүктү шаарында катталган катуу шамал 90дон ашык үйдүн чатырын учурду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Сүлүктү шаарындагы өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчиси Улан Мурзамуратов билдирди.

«Быйыл жамгыр көп жаап, андан сырткары 2 жолу катуу шамал болуп, жалпы шаар боюнча 90дон ашуун үйлөрдүн шиферин учурду. Бүгүнкү күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан шамалдан жабыр тарткандарга шиферлер берилди жана Кош-Булак аймактык башкармалыгындагы негизги сел өткөрүүчү курулмада оңдоо иштери жүрүп жатат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×