Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Талас облусу 17.06.2016 12:00

Таласта сел каптоолорду алдын алуу иштери аткарылып жатат

Turmush -  Талас шаарында кечээ, 16-июнда Талас дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, жээгинен суу ашып жаткандыктан ӨКМдин №17 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары кум-шагыл толтурулган каптар менен бекемдөө иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Манас айылынын Манас көчөсүндө суу ташкындоо коркунучу болгондуктан, ӨКМдин №101 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары кум-шагыл толтурулган каптар менен бекемдөөгө чыгышты.

Ошондой эле, бүгүн, 17-июнда саат 04:30 чамасында Бакай-Атанын Кызыл-Сай айылында Үрмарал суусунун деңгээли көтөрүлүп, жээгинен суу ашып жаткандыктан, ӨКМдин №93 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары кум-шагыл толтурулган каптар менен бекемдөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×