Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Баткен облусуБаткен району 17.06.2016 11:40

Баткен РИИБ эл аралык издөөгө алынган тургундарды табууга көмөктөшүүнү сурайт (фото, тизме)

Turmush -  Баткен райондук ички иштер бөлүмү бир топ жылдардан бери издөөгө алынган кылмышкерлердин тизмесин жарыялады.

1. 1976-жылы Баткендин Кара-Бак айылында туулган Акботоев Курсанали Кабылович. Ага КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренеси, 227-беренеси менен кылмыш иши козголуп, 1999-жылдан бери издөөдө. 2002-жылы эл аралык издөө жарыяланган.

13

2. 1979-жылы туулган Хамзаев Дастан Маматович. Ал КРнын КЖКнин 341-беренеси, 204-беренеси, 346-беренеси менен айыпталып, 2013-жылдан бери эл аралык издөөгө алынган.

12 3. 1980-жылы Баткен районунун Самаркандек айылында туулган Арапов Шухрат Абдукаюмович. Ал КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси менен айыпталып, 2014-жылдын 28-мартынан тарта эл аралык издөөгө алынган.

11Укук коргоо органдары аталган жарандар тууралуу маалыматы барларды 0 (3622) 5 09 90, 5 17 56 же 0 (773) 85 84 47 номурларына кабарлап коюну суранышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×