Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Нарын облусуКочкор району 17.06.2016 10:13

Кочкордо «Мазда Демио» ала салып, жүргүнчүлөрү жаракат алды (фото)

Turmush -  Кечээ, 16-июнда Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 154-чакырымында «Мазда Демио» үлгүсүндөгү унаа жогорку ылдамдыкта келе жатып, айдоочу рулду башкара албай, ала салып кеткен. Бишкек шаарын көздөй жолго чыккан унаада айдоочу жана 2 жүргүнчү болгон, деп билдирди ӨКМ.

Кырсыкта 1 адам оор жаракат алып, 1 адам орто жаракат алган. Айдоочу коопсуздук курун тагынгандыктан жаракат алган эмес. Ошол аймакта кызматтык иш сапарда жүргөн ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун телекоммуникация жана байланыш бөлүмүнүн башчысы, капитан Айбек Картайганов, улук ыкчам нөөмөтчү, лейтенант Ержан Намыртагаев, жетектөөчү адис Камчы Мамытов, ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун маалымат бөлүмүнүн кабарчысы Тынчтыкбек Көлбаев жана аталган бөлүмдүн стажеру Нурбек Абдраимов абалды жөнгө салып, жабырлануучуларга алгачкы медициналык жардамды көрсөтүштү.

Жараат алган 2 жаран Кочкор райондук ооруканасына өтүп бара жаткан унаалардын жардамы аркылуу жеткирилди. Жол кырсыгынын себептери жана жабыркагандардын аты-жөнү тиешелүү кызматтар тарабынан такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×