Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 17.06.2016 10:13

Селдин суусу «Тоң» балык чарбасынын балыктарын агызып кетти, - ӨКМ

Turmush -  Катуу жааган жаандын кесепетинен Тоң суусунун деңгээли көтөрүлүп, «Тоң» балык кармоочу ишканасынын жанындагы дамбанын 200-250 метр аралыгын суу алып кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Суунун агымы 6 жасалма көлмөнү каптап, анда өстүрүлүп жаткан балыктарды агызып кеткен. Жергиликтүү убакыт менен саат 10:20да балык ишканасынын аймагындагы бир үй-бүлөнү кайык менен эвакуациялап, коопсуз жайга көчүрүү иштери жүргүзүлдү. Суунун жээгин колдо болгон каражаттар менен бекемдөө иштери аткарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×