Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ысык-Көл облусу 17.06.2016 09:47

Бишкек—Нарын—Торугарт жолунда сүзүшкөн унаалар талкаланып, жараксыз абалга келди (фото)

Turmush -  Кечээ, 16-июнда саат 20:00 чамасында Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 160-чакырымында «Фольксваген Джетта» унаасы менен «Тойота Секвойя» унаалары кагылышкан. Анын кесепетинен эки унаадан бирден адам жабыркап, унаалар жараксыз абалга келген, деп билдирди ӨКМ.

Жол четине чыгып кеткен унааларды эвакуаторго жүктөөдө ошол аймакта кызматтык иш сапарында жүргөн ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун телекоммуникация жана байланыш бөлүмүнүн башчысы, капитан Айбек Картайганов, улук ыкчам нөөмөтчү, лейтенант Ержан Намыртагаев, жетектөөчү адис Камчы Мамытов, ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун маалымат бөлүмүнүн кабарчысы Тынчтыкбек Көлбаев жана аталган бөлүмдүн стажеру Нурбек Абдраимов жардам беришти.

Жол кырсыгынын себептери жана жабыркагандардын аты-жөнү тиешелүү кызматтар тарабынан такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×