Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусу, Ош 17.06.2016 08:57

Оштогу үйлөргө, жатаканага уурулукка кирип жүргөн өспүрүм кармалды

Turmush -  Ош шаарында 4 уурулук фактысына шектелген өспүрүм кармалды. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлангандай, 15 жаштагы А.Н. акча жана бир нече уюлдук телефондорду уурдоого шектелүүдө.

Маалым болгондой, өспүрүм Ош шаарындагы үйлөрдүн биринен 4500 сомдук буюмдарды уурдаган деген шек менен кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө жатаканалардан 2 уюлдук телефон уурдаганы маалым болду.

Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Шектүү катары кармалган өспүрүм жалпы 19 миң сомдон ашык зыян келтирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×