Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ош облусу, Ош 17.06.2016 08:36

К.Көлбаевдин кылмыштуу тобунун 2 жолу соттолгон мүчөсү кармалды, - Ош ШИИБ

Turmush -  Ош шаарында адам карактоого шектелип, К.Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлангандай, Ош шаарынын У.Салиева көчөсүнүн тургуну Э.Х. арыз менен кайрылып, белгисиз адамдар анын зер буюмдарын тоноп кеткенин айткан.

Кылмышты иликтөөгө атайын топ түзүлүп, кечээ, 16-июнда кылмышка шектүү делип Ош шаарынын тургуну П.Талантбек кармалды. Ага карата каракчылык жана тоноо фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Маалым болгондой, кылмышка шектүү катары кармалган жаран мурда 2 жолу соттолуп, ИИМдин каттоосунда турганы жана К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү экени аныкталды. Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×